«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен
Ажыга же умрага аттанган зыяратчылар үчүн Байтулланы таваф кылуу ибадат шарттарынан. Умрада 2 парз болсо, бирөө – таваф. Ал эми ажылыкта 3 парз болсо, анын бирөө – таваф. Тагыраагы, зыярат тавафынын өкүмү – фарз. Ыйык Куранда:
...وَلْيَطَّوَّفُوا بِالْبَيْتِ الْعَت۪يقِ
«Эски үйдү таваф кылышсын»
(Хаж сүрөсү, 29)
– деп буйрук кылынган.
Ажылык терминдеринен болгон таваф – Хажарул-Асваддан (кара таш) баштап жана Каабаны солго алуу менен Байтулланын айланасында 7 жолу айлануу дегенди туюнтат. Таваф кылуучу мындай ниет кылса болот:
اَللَّهُمَّ إِنِّي أُرِيدُ طَوَافَ بَيْتِكَ الْحَرَامِ فَيَسِّرْهُ لِي وَتَقَبَّلْهُ مِنِّي
Окулушу: «Аллахумма иннии урииду таваафа байтикал-хараама фа-йассирху лии ва такаббалху миннии».
Мааниси: «Оо, Аллахым! Сенин ыраазычылыгың үчүн таваф кылууну ниет кылдым, муну мага жеңил кыл жана менден кабыл ал».
Кааба-и муаззаманын төрт бурчу бар. Чыгыш бурчу Рукну Хажарул-Асвад (же рукну Шарки), түндүк бурчу Рукну Ираки, батыш бурчу Рукну Шами жана түштүк бурчу Рукну Йамаани деп аталат. Каабанын жогорку бөлүгүндөгү чоргого Мизаб-и Кааба делет. Каабанын түндүк-батыш тарабында бийиктиги 1,5 метр болгон калың, жарым айлана формасындагы дубал Хатим деп аталат. Азирети Ибрахим Каабаны куруп жатканда бул бөлүк Каабанын ичинде боло турган. Кийин курулганда материалдын жетишсиздигинен сыртта калып кеткен. Бул бөлүк Хижри Кааба, Хижри Исмаил же Хатира деп аталат. Таваф кылуучу бул дубалдын сыртынан гана айланышы ваажиб. Эгер кесип өтүп таваф кылса, ал жараксыз болот. Каабанын дарбазасы менен кара таштын ортосу мултазам деп аталат. Пайгамбарыбыз мултазамда жүзүн, көкүрөгүн, колдорун, алакандарын Каабанын дубалына тийгизип, кулачын кере кучактап дуба кылган. Ал эми берээктеги Азирети Ибрахимдин бутунун изи түшүрүлгөн бөлүкчө Макам-и Ибрахим деп аталат.
Куттуу Меккеге кирген даараттуу адам эң алгач Каабаны көрөр замат такбир айтып, Жаратканды улуктап, андан соң таваф кылат. Бул бир гана ажылыкты (ифрад) ниет кылган кишинин тавафы болуп, мийкат чегинен сырткары жактан келгендерге сүннөт иш. Башкача айтканда, кудум тавафы деп аталат. Кудум тавафы Мекке жана Хилдеги жашоочуларга шарт эмес.
Таваф кара таштын тушунан башталып, анын тушунан бүтөт. Ар бир айлампа шавт деп аталат. Кара таштын (хажарул-асвад) тушуна келгенде такбир-тахлил айтып, эки колун көтөрөт. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, башкаларга ызаа келтирбестен аны өбөт. Ал мүмкүн болбосо, эки алканын ташка тийгизип, алакандарын өбөт. Бир (оң) алканын тийгизип, аны өбүүгө да болот. Ага да мүмкүнчүлүк жок болсо, таяк же башка нерсесин тийгизип, аны өбүүгө болот. Ага да мүмкүнчүлүк болбосо, алыстан эле эки колун кулак тушуна чейин көтөрүп, такбир-тахлил айтат. Бул учурда алаканы кара таш тарапта болот, андан соң аны өпкөн соң тавафын улантат.
Өкүм жагынан тавафтын 4 түрү белгилүү:
1. Фарз болгон таваф (зыярат/ифаада тавафы);
2. Ваажиб болгон таваф (коштошуу тавафы);
3. Сүннөт болгон таваф;
4. Нафил болгон таваф.
Ал эми аткаруу жагынан кудум, зыярат, вадаа, умра, назир, нафил жана тахиййа болуп, жалпы 7 түрү бар. Баарынын аткарылышы окшош. Аткаруудагы фарз, ваажиб жана сүннөттөрү өзгөрүүсүз калат.
• Кудум же болбосо Кааба менен учурашуу тавафы – сүннөт. Муну бир гана ажылыкты (ифрад) ниет кылгандар аткарат.
• Зыярат же ифаада тавафы ажылыктын парздарынан. Муну бардык ажылар аткарууга милдеттүү. Зыярат тавафын аткаруу үчүн Арафатта турууну (вакфа) өтөгөн ар бир зыяратчы өз убагында жасашы керек. Айттын биринчи күнү шайтанга таш ыргытып, хадия курмандыгын чалып, чачын кырып/кыркып, ихрамдан чыккан (1-тахаллулдан) соң зыярат тавафын кылуу – абзел (этек кири келип калган аялдар аны кечиктирип аткара алат). 1-тахаллулдан соң аял-эркектин кошулуусунан башка бардык ихрам тыюулары токтойт.
• Коштошуу тавафы мийкат чегинен сырткары чөлкөмдөрдөн келгендер (аафакилер) үчүн. Меккеден кетип жатканда аткарылчу соңку ибадат. Муну садар (коштошуу) тавафы деп айтууга да болот. Садар тавафы түпкү важибдерден. Этек кири келип калган аялдар Меккеден чыгууга мажбур болсо, алардан бул милдеттүүлүк түшөт. Коштошуу тавафында балбан жүрүш (рамл), оң ийинди ачуу (изтибаъ) жана тавафтан соң саъй жок. Коштошуу тавафын кылуучу киши оор басыш менен таваф кылып, көп-көп дуба кылып, кайрадан Каабага чакырууну Жараткандан тилеп, зам-замды кана ичет жана Каабага артын салбай чыгып кетет.
• Умра тавафы жогоруда айтылгандай, умранын парздарынан. Анын убактысы умра үчүн ихрамга кирген учурдан тарта башталат.
• Назир тавафы болсо Каабаны таваф кылууга сөз берип, убада кылып, кийин аны аткаруусу. Мунун өкүмү ваажиб. Эгер кайсы бир убакытты айткан болсо, ошол убакытта таваф кылышы керек.
• Нафил (татавву) тавафы – фарз жана ваажибдерден сырткаркы тавафтар. Харам мечитинде беш парз намаздан кийинки эң абзел иш – Каабаны таваф кылуу. Харам аймагында нафил намаздарга караганда нафил тавафтын пазилети көбүрөөк экени маалым. Айта кетүүчү нерсе, нафил тавафтардан соң Сафа-Марва арасы саъй кылынбайт.
• Тахиййатул-масжид тавафы фарз же ваажиб болбогон, Харам мечитине ар бир барышта саламдашуу иретинде аткарылчу мустахаб иш. Жогорудагы тавафтардын бири аткарылса, «тахиййатул-масжид тавафы» орундалган болуп эсептелет.
Тавафтардын алгачкы төртөө – парз, калган үчөө – ваажиб. Андыктан аны аткарууда эсепке так болуу керек. Эгер зыяратчы экиленип калса, аз ыктымалды негиз алат. Эгер фарз тавафында (зыярат тавафы же умра тавафы) экиленип калса, тавафты башынан кылууга туура келет. Тавафтын алдыңкы 3 айлампасында жүгүрүү же айбаттуу жүрүш (рамл) менен аткаруу сүннөт. Эгер буга мүмкүнчүлүк жок болсо, жөн гана айлана берет. Ал эми тавафта оң ийинди ачуу (изтибаъ) сүннөт иштерден.
Ажылык учурунда жуптар зыярат тавафын өтөмөйүнчө бири-бирине жакындай албайт. Качан зыярат тавафын бүткөн соң ажылар ихрамдан толук чыгат (2-тахаллул) жана ак никелүү жубайларына жакындай алышат.
Тавафта кемчиликтерди кетирүү жинаятка (кылмыш) кирет. Тавафты даараттуу аткаруу – шарт. Эгер кимдир-бирөө учурашуу, коштошуу же нафил тавафын дааратсыз аткарса, ага садака (жарым саъ буудай) берүү милдет болот. Эгер гусулсуз аткарса, бир кой соёт. Эгер зыярат тавафын дааратсыз аткарса, ага бир кой союу милдет болот. Эгер гусулсуз аткарса, анда бир төө союп берет. Этек кири келген аялдын өкүмү да ушундай. Бирок кийин гусул жана даарат алып кайра таваф кылса, жазадан кутулат. Эгер коштошуу тавафынын баарын же 4 айлампасын таштаса, ага кан чыгаруу (кой) милдет. Эгер 3 айлампасын таштаса, садака берет. Умранын тавафтарын да гусулсуз же дааратсыз аткарса, ага да кой союу милдет болуп калат. Мындан сырткары Каабага артын салып же толук жүздөнүп таваф кылууга болбойт. Мындай кылган киши тавафты башынан өтөшү керек.
Таваф учурунда Каабанын Йемен бурчуна келгенде «раббанаа аатинаа...» дубасын окуу сүннөт иштерден. Андан башка жайларда ар ким өзү каалаган дубасын окуйт, тилегин айтат. Сөзсүз тигил же бул дубаны окулсун деген талап жок. Бирок аалымдар Куран жана сүннөттөн алынган түрдүү дубаларды сунушташкан. Биз «Ыйык атмосферадагы дуба» (түркчө: Kutsal İklimde Duâ) аттуу эмгектеги дубаларды зыяратчылар үчүн, дегеле окурмандар үчүн даярдадык.
БИРИНЧИ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللَّهِ، اللَّهُ أَكْبَرُ،
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللَّهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ،
وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلَىٰ سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلَىٰ آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
رَبَّنَا تَقَبَّلْ مِنَّا إِنَّكَ أَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ.
رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ، وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا، إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ.
اللَّهُمَّ اجْعَلْهُ حَجًّا مَبْرُورًا، وَسَعْيًا مَشْكُورًا، وَذَنْبًا مَغْفُورًا، وَعَمَلًا صَالِحًا مَقْبُولًا، وَتِجَارَةً لَنْ تَبُورَ.
اللَّهُمَّ إِنَّكَ دَعَوْتَ عِبَادَكَ إِلَى بَيْتِكَ الْحَرَامِ، وَقَدْ جِئْتُ طَالِبًا مَرْضَاتِكَ، وَأَنْتَ مَنَنْتَ عَلَيَّ بِذَلِكَ، فَاغْفِرْ لِي وَارْحَمْنِي وَعَافِنِي وَاعْفُ عَنِّي، إِنَّكَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ.
اللَّهُمَّ إِنِّي عَبْدُكَ وَزَائِرُكَ، وَلِكُلِّ زَائِرٍ حَقٌّ عَلَى مَزُورٍ، وَأَنْتَ خَيْرُ مَزُورٍ، فَأَسْأَلُكَ أَنْ تَغْفِرَ لِي وَتَرْحَمَنِي، وَتُفُكَّ رَقَبَتِي مِنَ النَّارِ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ، يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ، يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи Аллааху акбар. Аллаахумма иймаанан бик, ва тасдиикан бикитаабик, ва вафаа-ан би ъахдик, ваттибааъан ли-суннати набиййик.
Субхааналлаахи, валхамду лиллахи, ва лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар.
Ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил ъалиййил-ъазийм.
Вас-салаату вас-салааму ъалаа саййидина Мухаммад ва ъалаа аалихи ва сахбихи ажмаъиин.
Раббанаа такаббал миннаа иннака антас-самииъул ъалиим.
Раббана важъалнаа муслимайни лака ва мин зурриййатинаа умматан муслиматан лак, ва аринаа манаасиканаа ва туб ъалайнаа, иннака антат-тавваабур-рахийм.
Аллаахуммажъалху хажжан мабрууран, ва саъйан машкууран, ва занбан магфууран, ва ъамалан саалихан макбуулан, ва тижааратан лан табуур.
Аллаахумма иннака даъавта ъибаадака илаа байтикал-хараам, ва кад жи-ту таалибан мардаатак, ва анта мананта ъалаййа бизаалик, фагфир лии вархамнии ва ъаафинии ваъфу ъаннии, иннака ъалаа кулли шай-ин кадиир.
Аллахумма инни ъабдука ва зааирук, ва ликулли зааирин хаккун ъалаа мазуур, ва анта хайру мазуур, фа ас-алука ан тагфира лии ва тархамании, ва тафукка ракабатии минан-наар.
Раббанаа аатинаа фид-дунйаа хасана, ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар, ва адхилнал-жанната маъал-абраар, йаа ъазиизу йаа гаффаар, йаа раббал-ъааламийн.
Мааниси:
Алланын ысымы менен (баштайм), Алла – Улук!
Оо, Аллах! Сага болгон ыйманыбыз менен, Китебиңди тастыктоо менен, берген убадабызды аткаруу менен жана Пайгамбарыңдын сүннөтүн ээрчүү менен бул ишти кылабыз.
Алла – Аруу! Мактоо Аллага гана таандык! Алладан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Аллах Улук!
Күч-кубат Алладан башка эч кимден эмес, Ал – Улуу жана Ызааттуу.
Салават жана салам биздин пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына болсун.
Оо, Раббибиз! Биздин ибадаттарыбызды кабылдай көр, чындыгында Сен Угуучусуң, Билүүчүсүң.
Оо, Раббибиз! Бизди Өзүңө моюн сунгандардан кыл жана урпактарыбыздан да Сага моюн сунган үммөт чыгар. Бизге ибадат жолдорубузду көрсөт жана бизди кечир. Чындыгында Сен – Тооболорду кабыл алуучусуң, Ырайымдуу Затсың.
Оо, Алла! Бул ажылыкты кабыл болгон ажылык кыл, ибадатымды жокко чыгара көрбө, каталарымды кечирилген күнөөлөрдөн кыл, амалдарымды кабыл алынган кыл жана (руханий) пайдамды талкан кыла көрбө!
Оо, Алла! Сен пенделериңди Өзүңдүн Ыйык Үйүңө чакырдың. Мен Сенин ыраазычылыгыңды каалап келдим. Сен мага ушуну насип кылдың. Эми мени кечир, мага ырайым кыл, мага саламаттык бер жана мени кечир. Чындыгында Сен бардык нерсеге Кудиреттүүсүң.
Оо, Алла! Мен Сенин кулуңмун жана Сенин коногуңмун. Ар бир коноктун ээси алдында акысы бар. Сен эң жакшы кабыл алуучусуң. Ошондуктан Сенден суранам: мени кечир, мага ырайым кыл жана мени тозоктон куткар.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта. Бизди жакшылар менен бирге бейишке киргиз. Оо, Кудиреттүү, Оо, Кечиримдүү, Оо, ааламдардын Раббиси!
ЭКИНЧИ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللَّهِ اللَّهُ أَكْبَرُ،
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللَّهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلَىٰ سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلَىٰ آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
رَبِّ اشْرَحْ لِي صَدْرِي وَيَسِّرْ لِي أَمْرِي.
رَبِّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي فَاغْفِرْ لِي.
لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ.
اللَّهُمَّ إِنَّ هٰذَا الْبَيْتَ بَيْتُكَ، وَالْحَرَمُ حَرَمُكَ، وَالْأَمْنُ أَمْنُكَ، وَالْعَبْدُ عَبْدُكَ، وَأَنَا عَبْدُكَ وَابْنُ عَبْدِكَ، أَتَيْتُكَ بِذُنُوبٍ كَثِيرَةٍ وَأَعْمَالٍ سَيِّئَةٍ، وَهٰذَا مَقَامُ الْعَائِذِ بِكَ مِنَ النَّارِ، فَحَرِّمْ لُحُومَنَا وَبَشَرَتَنَا عَلَى النَّارِ، إِنَّكَ أَنْتَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ.
رَبِّ زِدْنِي عِلْمًا وَفَهْمًا وَأَلْحِقْنِي بِالصَّالِحِينَ.
اللَّهُمَّ حَبِّبْ إِلَيْنَا الْإِيمَانَ، وَزَيِّنْهُ فِي قُلُوبِنَا، وَكَرِّهْ إِلَيْنَا الْكُفْرَ وَالْفُسُوقَ وَالْعِصْيَانَ، وَاجْعَلْنَا مِنَ الرَّاشِدِينَ.
اللَّهُمَّ اجْعَلْهُ حَجًّا مَبْرُورًا، وَسَعْيًا مَشْكُورًا، وَذَنْبًا مَغْفُورًا، وَعَمَلًا صَالِحًا مَقْبُولًا، وَتِجَارَةً لَنْ تَبُورَ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи Аллааху акбар.
Аллаахумма иймаанан бика, ва тасдиикан бикитаабика, ва вафаа-ан биъахдик, ваттибааъан ли суннати набиййик.
Субханаллах, валхамду лиллах, ва лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар,
ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллахил ъалиййил-ъазиим.
Вас-салаату вас-салааму ъалаа саййидинаа Мухаммад ва ъалаа аалихи ва сахбихи ажмаъиин.
Раббишрах лии садрии ва йассир лии амрии.
Рабби иннии заламту нафсии фагфир лии.
Ла илааха иллаа анта субхаанака иннии кунту мин аз-заалимиин.
Аллахумма инна хазаал-байта байтук, вал-харама харамук, вал-амна амнук, вал-ъабда ъабдук, ва ана ъабдук вабну ъабдик, атайтука би-зунуубин касиира, ва аъмаалин саййиа, ва хаазаа макааму-л ъааизи бика минан-наар, фахаррим лухууманаа ва башаратанаа ъалан-наар, иннака антал-гафуурур-рахиим.
Раббигфир вархам ва анта хайрур-раахимиин.
Рабби зиднии ъилман ва фахман ва алхикнии бис-саалихиин.
Аллаахумма хаббиб илайнал-иймаан, ва заййинху фии кулуубина, ва каррих илайнал-куфра вал-фусуука вал-ъисйаан, важъалнаа минар-раашидиин.
Аллаахуммажъалху хажжан мабрууран, ва саъйан машкууран, ва занбан магфууран, ва ъамалан соолихан макбуулан, ва тижааратан лан табуура.
Раббана аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар.
Ва адхилнал-жанната маъал-абраар, йаа ъазиизу, йаа гаффаару, йаа раббал-ъааламиин.
Мааниси:
Алланын ысымы менен, Алла – Улук!
Оо, Алла! Сага ыйман келтирүү менен, Китебиңди тастыктоо менен, убадаңды аткаруу менен жана Пайгамбарыңдын сүннөтүн ээрчүү менен (муну аткарабыз).
Алла – аруу! Мактоо Аллага! Алладан башка кудай жок! Алла – Улук!
Күч-кубат Алладан башка эч кимден эмес, Ал – Аруу, Улуу.
Салават жана салам Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына болсун.
Оо, Раббим! Көкүрөгүмдү кең кыл жана ишимди жеңилдет.
Оо, Раббим! Мен өзүмө зулум кылдым, мени кечир.
Сенден башка кудай жок! Сен аруусуң! Чындыгында мен залимдерден болдум.
Оо, Алла! Бул Үй – Сенин Үйүң, бул ыйык жай – Сенин ыйык жайың, коопсуздук – Сенден. Мен Сенин кулуңмун, кулуңдун уулумун. Мен сага көп күнөөлөр жана жаман иштер менен келдим. Бул – Сенин тозоктон баш калкалоочу жайың. Ошондуктан тулкубузду жана терибизди тозоктон сакта. Чындыгында Сен – Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң.
Оо, Раббим! Кечире көр, ырайым кыл. Сен — ырайымдуулардын эң мыктысысың.
Оо, Раббим! Менин илимимди жана түшүнүгүмдү арттыр, мени жакшы адамдардын катарына кош.
Оо, Алла! Бизге ыйманды сүйкүмдүү кылып, аны жүрөгүбүздө көрктүү кыл.
Бизге каапырлыкты, бузукулукту жана күнөөкөрлүктү жек көрсөт. Бизди туура жол тапкандардын катарына кош.
Оо, Алла! Муну кабыл болгон ажылык кыл. Аракетибизди ыраазычылыгыңа татыктуу кыл. Күнөөлөрүбүздү кечир. Жакшы амалдарыбызды кабыл ал. Зыянга учурабаган соодадай берекелүү кыл.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана тозок азабынан сакта. Бизди жакшы пенделер менен бирге бейишке киргиз, оо Кудуреттүү, оо Кечиримдүү, оо ааламдардын Раббиси!
ҮЧҮНЧҮ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللهِ اللهُ أَكْبَرُ،
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ، وَاللهُ أَكْبَرُ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنْفُسَنَا وَإِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ.
رَبَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ.
اللَّهُمَّ أَنْتَ رَبِّي لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ خَلَقْتَنِي وَأَنَا عَبْدُكَ، وَأَنَا عَلَى عَهْدِكَ وَوَعْدِكَ مَا اسْتَطَعْتُ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ مَا صَنَعْتُ، أَبُوءُ لَكَ بِنِعْمَتِكَ عَلَيَّ، وَأَبُوءُ لَكَ بِذَنْبِي، فَاغْفِرْ لِي فَإِنَّهُ لَا يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا أَنْتَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْخِيَانَةِ وَالْكُفْرِ وَالشِّرْكِ وَالشِّقَاقِ وَالنِّفَاقِ وَالرِّيَاءِ وَسُوءِ الْأَخْلَاقِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عِلْمٍ لَا يَنْفَعُ، وَمِنْ قَلْبٍ لَا يَخْشَعُ، وَمِنْ نَفْسٍ لَا تَشْبَعُ، وَمِنْ عَيْنٍ لَا تَدْمَعُ، وَمِنْ دُعَاءٍ لَا يُسْتَجَابُ.
اللَّهُمَّ اجْعَلْهُ حَجًّا مَبْرُورًا، وَسَعْيًا مَشْكُورًا، وَذَنْبًا مَغْفُورًا، وَعَمَلًا صَالِحًا مَقْبُولًا، وَتِجَارَةً لَنْ تَبُورَ.
يَا عَالِمَ مَا فِي الصُّدُورِ، أَخْرِجْنِي يَا اللَّهُ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи, Аллааху акбар.
Аллаахумма иймаанан бика, ва тасдиикан бикитаабик, ва вафаа-ан биъахдик, ваттибааъан ли суннати набиййик.
Субхааналлаах, валхамду лиллаах, ва лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар, ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил ъалиййил ъазиим.
Вассалаату вассалааму ъалаа саййидинаа Мухаммадин ва ъалаа аалихи ва сахбихии ажмаъиин.
Раббана заламнаа анфусанаа ва иллам тагфирланаа ва тархамнаа ланакуунанна минал-хаасириин.
Раббанаа иннанаа ааманнаа фагфирланаа вархамнаа ва анта хайрур-раахимиин.
Аллаахумма анта раббии лаа илааха иллаа анта халактании ва ана ъабдук, ва ана ъалаа ъахдика ва ваъдика мастатаът, аъуузу бика мин шарри маа санаът, абуу-у лака биниъматика ъалаййа, ва абуу-у лака бизанбии, фагфирлии фа-иннаху лаа ягфируз-зунууба иллаа ант.
Аллаахумма иннии аъуузу бика минал-хийаанати вал-куфри ваш-ширки ваш-шикааки ван-нифааки вар-рийааи ва сууил-ахлаак.
Аллаахумма иннии аъуузу бика мин ъилмин лаа янфаъ, ва мин калбин лаа яхшаъ, ва мин нафсин ла ташбаъ, ва мин ъайнин ла тадмаъ, ва мин дуъааин ла йустажааб.
Аллаахуммажъалху хажжан мабрууран, ва саъйан машкууран, ва занбан магфууран, ва амалан саалихан макбуулан, ва тижааратан лан табуура.
Йа аалима маа фис-судуур, ахрижнии йаа Аллааху миназ-зулумаати илан-нуур.
Раббанаа аатинаа фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар, ва адхилнал-жанната маъал-абраар, йаа азиизу, йа гаффару, йа раббал-ъааламиин.
Мааниси:
Алланын ысымы менен. Алла – Улуу!
Оо, Алла! Сага болгон ыйман менен, Китебиңди тастыктоо менен, убадаңа бек туруу менен жана Пайгамбарыңдын сүннөтүн ээрчүү менен (бул ибадатты аткарып жатам).
Алла Таала бардык кемчиликтен аруу! Бардык мактоо Аллага таандык! Алладан башка сыйынууга татыктуу кудай жок!
Алла – Улуу! Күч-кубат улуу жана аруу Алладан башка эч кимден эмес.
Салават жана салам мырзабыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына болсун.
Оо, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз сөзсүз зыян тартуучулардан болобуз.
Оо, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик. Бизди кечире көр, бизге ырайым кыл. Сен — ырайымдуулардын эң жакшысысың.
Оо, Алла! Сен менин Раббимсиң. Сенден башка кудай жок. Мени Сен жараттың, мен Сенин кулуңмун. Колумдан келишинче убадаңа жана аманатыңа бек турам. Жасаган жамандыктарымдын жамандыгынан Сага сыйынам. Мага берген нээматтарыңды кабыл алам жана күнөөлөрүмдү да мойнума алам. Мени кечире көр. Анткени күнөөлөрдү Сенден башка эч ким кечирбейт.
Оо, Алла! Сага кыянатчылыктан, каапырлыктан, ширк келтирүүдөн, бөлүнүп-жарылуудан, эки жүздүүлүктөн, эл көрсүндүктөн (риядан) жана жаман мүнөздөн сакта.
Оо, Алла! Пайда бербеген илимден, коркпогон жүрөктөн, тойбогон напсиден, жаш төкпөгөн көздөн жана кабыл болбой турган дубадан сакта.
Оо, Алла! Муну кабыл болгон ажылык кыл, аракеттерди ыраазычылыкка татыктуу кыл, күнөөлөрдү кечире-гөр, жакшы амалдарды кабыл кыл жана зыянга учурабаган соодадай берекелүү кыл.
Оо, көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү! Оо Алла, мени караңгылыктардан жарыкка чыгар.
Оо, Раббибиз! Бизге дүйнөдө да, акыретте да жакшылык бер. Бизди тозок азабынан сакта. Бизди жакшы адамдар менен бирге бейишке киргиз. Оо Кудуреттүү, оо Кечиримдүү, оо ааламдардын Раббиси!
ТӨРТҮНЧҮ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللهِ اللهُ أَكْبَرُ.
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ، وَاللهُ أَكْبَرُ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مُوجِبَاتِ رَحْمَتِكَ، وَعَزَائِمَ مَغْفِرَتِكَ، وَالسَّلَامَةَ مِنْ كُلِّ إِثْمٍ، وَالْغَنِيمَةَ مِنْ كُلِّ بِرٍّ، وَالْفَوْزَ بِالْجَنَّةِ، وَالنَّجَاةَ مِنَ النَّارِ.
رَبِّ قَنِّعْنِي بِمَا رَزَقْتَنِي، وَبَارِكْ لِي فِيمَا أَعْطَيْتَنِي، وَاخْلُفْ عَلَيَّ كُلَّ غَائِبَةٍ لِي مِنْكَ بِخَيْرٍ.
رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا، رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا، رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ، وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ.
اللَّهُمَّ طَهِّرْ قَلْبِي مِنَ النِّفَاقِ، وَعَمَلِي مِنَ الرِّيَاءِ، وَلِسَانِي مِنَ الْكَذِبِ، وَعَيْنِي مِنَ الْخِيَانَةِ، فَإِنَّكَ تَعْلَمُ خَائِنَةَ الْأَعْيُنِ وَمَا تُخْفِي الصُّدُورُ.
اللَّهُمَّ اهْدِنِي لِأَحْسَنِ الْأَعْمَالِ وَأَحْسَنِ الْأَخْلَاقِ، لَا يَهْدِي لِأَحْسَنِهَا إِلَّا أَنْتَ، وَقِنِي سَيِّئَ الْأَعْمَالِ وَسَيِّئَ الْأَخْلَاقِ، لَا يَقِي سَيِّئَهَا إِلَّا أَنْتَ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи Аллааху акбар.
Аллаахумма иимаанан бика, ва тасдиикан бикитаабика, ва вафаа-ан биъахдика, ват-тибааъан ли суннати набиййик.
Субхааналлаах, валхамду лиллаах, ва лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар, ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил алиййил-азиим.
Вассалаату вассалааму ъалаа саййидинаа Мухаммадин ва ъалаа аалихи ва сахбихии ажмаъиин.
Аллахумма иннии ас-алука муужибаати рахматика, ва ъазаиима магфиратика, вас-салаамата мин кулли исм, вал-ганиимата мин кулли бирр, вал-фавза бил-жаннати, ван-нажаата минан-наар.
Рабби канниънии бимаа разактании, ва баарик лии фиимаа аътайтании, вахлуф ъалаййа кулла гааибатин лии минка бихайр.
Раббанаа лаа ту-аахизнаа ин насиинаа ав ахтаънаа, Раббанаа ва лаа тахмил алайнаа исран камаа хамалтахуу алаллазиина мин каблинаа, раббана ва лаа тухаммилнаа ма лаа тааката ланаа бихи, ваъфу аннаа вагфир ланаа вархамнаа, анта мавлаанаа фансурнаа ъалал-кавмил каафириин.
Аллаахумма таххир калбии минан-нифаак, ва амалии минар-рийаа, ва лисании минал-казиб, ва ъайнии минал-хийаана, фа-иннака таъламу хааинатал-аъйуни ва маа тухфис-судуур.
Аллахумма-хдинии ли ахсанил-аъмаали ва ахсанил-ахлаак, лаа йахдии ли ахсанихаа иллаа ант, ва кинии саййиал-аъмаали ва саййиал-ахлаак, ла йакии саййи-ахаа иллаа ант.
Раббанаа аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа азаабан-наар, ва адхилнал-жанната маъал-абраар, йа Азиизу, йа Гаффаару, йа Раббал-ъааламиин.
Мааниси:
Алланын ысымы менен. Алла – Улуу!
Оо, Алла! Сага болгон ыйман менен, Китебиңди акыйкат деп таануу менен, убадаңа бекем болуу менен жана пайгамбарыңдын ﷺ сүннөтүн ээрчүү менен (бул ибадатты баштайм).
Алла бардык кемчиликтерден аруу. Бардык мактоо Аллага таандык. Алладан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Алла Улуу. Аруу жана Таза. Алланын жардамысыз эч кандай күч да, кубат да жок.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына салават жана салам болсун.
Оо, Алла! Сенин ырайымыңа жеткирүүчү себептерди, кечиримиңе жеткирүүчү амалдарды сурайм. Ар бир күнөөдөн амандыкты, ар бир жакшылыктан үлүш алууну, бейишке кирүүнү жана тозоктон кутулууну сурайм.
Оо, Раббим! Берген ырыскыңа мени ыраазы болуучу кыл. Бергендериңе береке бер. Мен үчүн жоголгон же алыстаган ар бир нерсенин ордун эң жакшысы менен толтур.
Оо, Раббибиз! Эгер унутуп калсак же жаңылышсак, бизди азапка тарта көрбө. Оо Раббибиз! Бизден мурункуларга жүктөгөндөй бизге оор жүктү жүктөй көрбө. Оо, Раббибиз! Биз көтөрө албаган нерсени бизге жүктөбө. Бизди кечир, күнөөлөрүбүздү кечире көр... Бизге ырайым кыл. Сен биздин Эгебизсиң. Бизге жардам берип, каапыр коом үстүнөн жеңиш насип кыл.
Оо, Алла! Жүрөгүмдү эки жүздүүлүктөн, амалдарымды эл көрсүндүктөн (риядан), тилимди жалгандан, көзүмдү кыянатчылыктан сакта. Анткени Сен көздөрдүн кыянатын да, көкүрөктөр жашырган сырларды да билесиң.
Оо, Алла! Мени эң жакшы иштерге жана эң жакшы адеп-ахлакка багытта. Ал нерселерге Сенден башка эч ким багыттай албайт. Мени жаман иштерден жана жаман адеп-ахлактан сакта. Алардан Сенден башка эч ким сактай албайт.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозоктун азабынан сакта. Бизди жакшы адамдар менен бирге бейишке киргиз. Оо Кудиреттүү, оо Кечиримдүү, оо ааламдардын Раббиси!
БЕШИНЧИ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللَّهِ اللَّهُ أَكْبَرُ،
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللَّهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً، إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ.
رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ.
رَبِّ هَبْ لِي مِنَ الصَّالِحِينَ.
تَوَفَّنِي مُسْلِمًا وَأَلْحِقْنِي بِالصَّالِحِينَ.
رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا.
اللَّهُمَّ أَظِلَّنِي تَحْتَ ظِلِّ عَرْشِكَ يَوْمَ لَا ظِلَّ إِلَّا ظِلُّكَ، وَلَا بَاقِيَ إِلَّا وَجْهُكَ، وَاسْقِنِي مِنْ حَوْضِ نَبِيِّكَ مُحَمَّدٍ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ شَرْبَةً هَنِيئَةً مَرِيئَةً لَا أَظْمَأُ بَعْدَهَا أَبَدًا.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنَ الْخَيْرِ كُلِّهِ عَاجِلِهِ وَآجِلِهِ، مَا عَلِمْتُ مِنْهُ وَمَا لَمْ أَعْلَمْ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ الشَّرِّ كُلِّهِ، عَاجِلِهِ وَآجِلِهِ، مَا عَلِمْتُ مِنْهُ وَمَا لَمْ أَعْلَمْ، وَأَسْأَلُكَ الْجَنَّةَ وَمَا قَرَّبَ إِلَيْهَا مِنْ قَوْلٍ أَوْ عَمَلٍ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ النَّارِ وَمَا قَرَّبَ إِلَيْهَا مِنْ قَوْلٍ أَوْ عَمَلٍ، وَأَسْأَلُكَ خَيْرَ مَا سَأَلَكَ عَبْدُكَ وَرَسُولُكَ مُحَمَّدٌ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ مَا اسْتَعَاذَ مِنْهُ عَبْدُكَ وَرَسُولُكَ مُحَمَّدٌ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи, Аллааху Акбар.
Аллаахумма иимаанан бика, ва тасдиикан бикитаабика, ва вафаа-ан биъахдик, ваттибааъан лисуннати набиййик.
Субхааналлаах, валхамду лиллаах, ва лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар, ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил ъалиййил ъазиим.
Вассалаату вассалааму алаа саййидинаа Мухаммадин ва алаа аалихи ва сахбихии ажмаъиин.
Рабби хаб лии мин ладунка зуррийатан таййибатан, иннака самиуд-дуъаа.
Раббижъалнии мукиимас-салаати ва мин зуррийатии, Раббанаа ва такаббал-дуъаа.
Рабби хаб лии минас-саалихиин.
Таваффании муслиман ва алхикнии бис-саалихиин.
Раббанаа хаб ланаа мин азваажинаа ва зуррийатинаа куррата аъюнив-важъалнаа лил-муттакиина имаамаа.
Аллахумма азиллании тахта зилли ъаршика йаума лаа зилла иллаа зиллук, ва лаа бакийа иллаа важхук, васкинии мин хавди набиййика Мухаммадин саллаллаху алайхи ва саллам шарбатан ханииатан марииатан лаа азмау баъдахаа абадан.
Аллахумма иннии ас-алука минал хайри куллихи ъаажилихи ва аажилих, маа ъалимту минху ва маа лам аълам, ва аъуузу бика минаш шарри куллихи, ъаажилихи ва аажилих, ма ъалимту минху ва маа лам аълам. Ва ас-алукал жанната ва маа қарраба илайхаа мин қавлин ав ъамалин, ва аъуузу бика минан-наари ва маа қарраба илайхаа мин кавлин ав ъамал. Ва ас-алука хайра маа са-алака ъабдука ва расуулука Мухаммадун саллаллаху алайхи ва саллам, ва аъуузу бика мин шарри мастаъааза минху ъабдука ва расуулука Мухаммадун саллаллааху алайхи ва саллам.
Раббанаа аатинаа фид дунйа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа азаабан-наар. Ва адхилнал жанната маъал абраар, йаа аъзиизу, йаа гаффаару, йаа раббал-ааламиин.
Мааниси:
Алланын ысымы менен баштайм. Алла – Улуу.
Оо, Алла! Сага болгон ыйманым менен, Китебиңди акыйкат деп тастыктоо менен, убадаңа бекем туруу менен жана Пайгамбарыңдын ﷺ сүннөтүн ээрчүү менен (ушул ишти аткарып жатам).
Алла бардык кемчиликтерден аруу. Бардык мактоо Аллага таандык. Алладан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Алла – Улуу. Улуу жана Аруу Алланын жардамысыз эч кандай күч да, кубат да жок.
Салават жана салам мырзабыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына болсун.
Оо, Раббим! Мага жакшы, салих урпак бер. Чындыгында, Сен дубаларды Угуучусуң.
Оо, Раббим! Мени намазды толук аткаруучулардан кыл, ошондой эле урпактарымды да. Оо, Раббибиз! Дубамды кабыл кыл.
Оо, Раббим! Мага салих, такыба, жакшы урпак бер. Мени мусулман абалда жанымды ал жана мени салих адамдардын катарына кош.
Оо, Раббибиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбаларга үлгү кыл.
Оо, Алла! Өзүңдүн Аршыңдын көлөкөсүнөн башка көлөкө болбой турган күнү мени Аршыңдын көлөкөсүнө калкала. Өзүңдүн Затыңдан башка түбөлүк эч нерсе калбаган сыяктуу, мага Пайгамбарың Мухаммаддын ﷺ хавзынан (кавсарынан), ошондой бир жагымдуу, чаңкоону кетирүүчү суусундук ичиргин, андан кийин эч качан суусабайын.
Оо, Алла! Мен Сенден бардык жакшылыкты сурайм; тез келүүчүсүн да, кеч келүүчүсүн да, билгенимин да, билбегенимди да. Жана бардык жамандыктан Сенин коргооңду сурайм; тез келүүчүсүнөн да, кийин келүүчүсүнөн да; билгениминен да, билбегенимди да. Сенден Бейишти жана ага жакындатуучу бардык сөздөрдү жана иштерди сурайм. Тозоктон жана ага жакындатуучу бардык сөздөрдөн жана иштерден Сенин коргооңду сурайм. Ошондой эле Сенден кулуң жана Элчиң Мухаммад ﷺ сураган бардык жакшылыктарды сурайм. Ал эми кулуң жана Элчиң Мухаммад ﷺ баш калкалаган бардык жамандыктардан Сенин коргооңду сурайм.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта. Бизди жакшы пенделер менен бирге бейишке киргиз. Оо Кудиреттүү, оо Кечиримдүү, оо ааламдардын Раббиси!
АЛТЫНЧЫ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللَّهِ اللَّهُ أَكْبَرُ.
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللَّهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلٰى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلٰى آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
رَبَّنَا آتِنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً وَهَيِّئْ لَنَا مِنْ أَمْرِنَا رَشَدًا.
واكتب لنا )وَآتِنَا( فِي هٰذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ إِنَّا هُدْنَا إِلَيْكَ.
رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَتَوَفَّنَا مُسْلِمِينَ.
رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ.
رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالْإِيمَانِ وَلَا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا إِنَّكَ رَؤُوفٌ رَحِيمٌ.
اللَّهُمَّ إِنَّ لَكَ عَلَيَّ حُقُوقًا كَثِيرَةً فِيمَا بَيْنِي وَبَيْنَكَ، وَحُقُوقًا كَثِيرَةً فِيمَا بَيْنِي وَبَيْنَ خَلْقِكَ،
اللَّهُمَّ مَا كَانَ لَكَ مِنْهَا فَاغْفِرْهُ لِي، وَمَا كَانَ لِخَلْقِكَ فَتَحَمَّلْهُ عَنِّي، وَأَغْنِنِي بِحَلَالِكَ عَنْ حَرَامِكَ وَبِطَاعَتِكَ عَنْ مَعْصِيَتِكَ وَبِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِوَاكَ يَا وَاسِعَ الْمَغْفِرَةِ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи Аллааху акбар.
Аллахумма иймаанан бика, ва тасдиикан бикитаабика, ва вафаа-ан биъахдика, ваттибааъан ли-суннати набиййик.
Субхааналлаахи валхамду лиллаахи ва лаа илааха иллаллааху валлааху акбар. Ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил ъалиййил ъазиим.
Вас-салаату вас-салааму ъалаа саййидинаа Мухаммадин ва ъалаа аалихии ва сахбихии ажмаъийн.
Раббанаа аатинаа мин ладунка рахматан ва хаййи-ланаа мин амринаа рашадан.
Вактубланаа (аатинаа) фии хаазихид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати иннаа худнаа илайк.
Раббанаа африг ъалайнаа сабран ва таваффанаа муслимиин.
Раббанаа африг ъалайнаа сабран ва саббит акдааманаа вансурнаа ъалал-кавмил-каафириин.
Раббанагфир ланаа ва ли ихваанинал-лазиийна сабакуунаа бил-иймаан, ва лаа тажъал фии кулуубинаа гиллан лиллазиина аамануу. Раббанаа иннака раауфур-рахиим.
Аллахумма инна лака ъалаййа хукуукан касийратан фиймаа байнии ва байнак,
ва хукуукан касийратан фийма байнии ва байна халкик.
Аллоохумма маа каана лака минхаа фагфирху лии, ва маа каана ли халкика фатахаммалху ъаннии. Ва агнинии бихалаалика ъан хараамик, ва битааъатика ъан маъсийатик, ва бифадлика ъамман сиваака йаа ваасиъал магфира.
Раббана аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар.
Ва адхилнал-жанната маъал-абраар, йаа ъазиизу, йаа гаффаару, йаа раббал-ъааламиин.
Мааниси:
Алланын ысымы менен баштайм. Алла – Улуу.
Оо, Алла! Сага болгон ыйман менен, Китебиңди тастыктоо менен, убадаңа бек туруу менен жана Пайгамбарыңдын ﷺ сүннөтүн ээрчүү менен (ибадат кылып жатам).
Алла бардык кемчиликтен аруу. Бардык мактоо Аллага таандык. Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок. Алла – Улуу. Күч да, кубат да Улуу жана Аруу Алланын жардамы менен гана болот.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына салават жана салам болсун.
Оо, Раббибиз! Өзүңдүн даргөйүңдөн бизге ырайым бер жана ишибизде туура жолду насип кыл. Бул дүйнөдө да бизге жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер. Чындыгында, биз Өзүңө кайрылдык.
Оо, Раббибиз! Бизге сабыр бер жана мусулман абалда жаныбызды ал.
Оо, Раббибиз! Бизге сабыр бер, кадамдарыбызды бекем кыл жана каапыр коомго каршы жардам бер.
Оо Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн бир туугандарыбызды кечире көр. Жүрөгүбүздө ыймандууларга карата кекенүү калтырба. Оо, Раббибиз! Сен чынында Боорукерсиң, Ырайымдуусуң.
Оо, Алла! Менин Сага карата көп милдеттерим бар. Ошондой эле Сенин жараткандарыңа карата да көп милдеттерим бар.
Оо Аллах! Эгер алардын ичинен Өзүңө тиешелүүсү болсо — мени кечире көр. Ал эми кулдарыңа тиешелүү болгон акыларды Өзүң мойнуңа ала көр (жеңилдете көр). Мени адал нерселериң менен оозантып, арамдан алыс кыл. Сага ибадат кылуу менен күнөөдөн алыстат. Өз ырайымың менен Өзүңдөн башка эч кимге муктаж кылба, оо кечирими кең Зат!
Оо Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана тозок азабынан сакта. Бизди жакшы пенделер менен бирге бейишке киргиз, оо Кудуреттүү, оо Кечиримдүү, оо ааламдардын Раббиси!
ЖЕТИНЧИ ШАВТТАГЫ ДУБА:
بِسْمِ اللَّهِ اللَّهُ أَكْبَرُ،
اللَّهُمَّ إِيمَانًا بِكَ، وَتَصْدِيقًا بِكِتَابِكَ، وَوَفَاءً بِعَهْدِكَ، وَاتِّبَاعًا لِسُنَّةِ نَبِيِّكَ.
سُبْحَانَ اللَّهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ، وَلَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ الْعَلِيِّ الْعَظِيمِ.
وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلٰى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلٰى آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ إِيمَانًا كَامِلًا، وَيَقِينًا صَادِقًا، وَرِزْقًا وَاسِعًا حَلَالًا طَيِّبًا، وَقَلْبًا خَاشِعًا، وَلِسَانًا ذَاكِرًا، وَتَوْبَةً نَصُوحًا، وَعِلْمًا نَافِعًا.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْهُدَى وَالتُّقَى وَالْعَفَافَ وَالْغِنَى.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الصِّحَّةَ وَالْعِفَّةَ وَالْأَمَانَةَ وَحُسْنَ الْخُلُقِ وَالرِّضَى بِالْقَدَرِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الطَّيِّبَاتِ، وَتَرْكَ الْمُنْكَرَاتِ، وَحُبَّ الْمَسَاكِينِ، وَأَنْ تَتُوبَ عَلَيَّ، وَتَغْفِرَ لِي وَتَرْحَمَنِي.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَمِيعَ مَا مَضَى مِنْ ذَنْبِي، وَاعْصِمْنِي فِيمَا بَقِىَ مِنْ عُمُرِي، وَارْزُقْنِي عَمَلًا زَاكِيًا تَرْضَى بِهِ عَنِّي.
اللَّهُمَّ لَا تَكِلْنِي إِلَى نَفْسِي طَرْفَةَ عَيْنٍ، وَلَا تَنْزِعْ مِنِّي صَالِحَ مَا أَعْطَيْتَنِي.
رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ، وَأَدْخِلْنَا الْجَنَّةَ مَعَ الْأَبْرَارِ يَا عَزِيزُ يَا غَفَّارُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ.
Окулушу:
Бисмиллаахи Аллааху Акбар.
Аллахумма иймаанан бика, ва тасдиикан бикитаабика, ва вафаа-ан биъахдика, ваттибааъан ли-суннати набиййик.
Субхааналлаахи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллааху, валлааху акбар. Ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил ъалиййил ъазиим.
Вас-салаату вас-салааму ъалаа саййидинаа Мухаммадин ва ъалаа аалихии ва сахбихии ажмаъиин.
Аллахумма иннии асъалука иймаанан каамилан, ва йакиинан саадикан, ва ризкан ваасиъан халаалан таййибан, ва калбан хаашиъан, ва лисаанан заакиран, ва тавбатан насуухан, ва ъилман наафиъан.
Аллахумма иннии ас-алукал-худаа ват-тукаа вал-ъафаафа вал-гинаа.
Аллахумма иннии ас-алукас-сиххата вал-ъиффата вал-амааната ва хуснал-хулуки вар-ридаа бил-кадар.
Аллахумма иннии ас-алукат-таййибаат, ва таркал-мункараат, ва хуббал-масаакиин, ва ан татууба ъалаййа, ва тагфира лии ва тархамании.
Аллахуммагфир лии жамииъа маа мадаа мин занбии, ваъсимнии фиимаа бакийа мин ъумрии, варзукнии ъамалан заакийан тардаа бихии ъаннии.
Аллахумма лаа такилнии илаа нафсии тарфата ъайн, ва лаа танзиъ миннии саалиха маа аътайтании.
Раббанагфир лии ва ливаалидаййа ва лил-му-миниина йавма йакуумул-хисааб.
Раббанаа аатинаа фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар, ва адхилнал-жанната маъал-абраар йаа ъзиизу, йаа гаффаару, йаа раббал-ъааламиин.
Мааниси:
Алланын аты менен (баштайм), Алла – Улук!
Оо, Алла! Сага болгон ыйман менен, Китебиңди тастыктоо менен, берген убадаңа бек туруу менен жана Пайгамбарыңдын ﷺ сүннөтүн ээрчүү менен (таваф кылып жатам).
Алла бардык кемчиликтен аруу. Мактоо Аллага таандык. Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Алла – Улуу. Күч да, кубат да Улуу жана Аруу Алланын жардамы менен гана болот.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Алланын салаваты жана саламы болсун.
Оо, Алла! Сенден толук ыйманды, чыныгы бекем ишенимди, мол жана адал ырыскыны, ыйманга толгон жүрөктү, Сени зикир кылуучу тилди, чын ыкластуу тообону жана пайдалуу илимди сурайм.
Оо, Алла! Сенден туура жолду, такыбалыкты, аруулукту жана кайырдуу байлыкты сурайм.
Оо, Алла! Сенден чың ден соолукту, уяттуулукту, аманатка бекем болууну, жакшы мүнөздү жана тагдырга ыраазы болууну сурайм.
Оо, Алла! Сенден жакшы амалдарды насип кылууңду, жаман иштерден оолак кылууңду, кедей-мискиндерди сүйүүнү, тообомду кабыл кылууңду, мени кечирип, ырайымыңды төгүүңдү сурайм.
Оо, Алла! Өтмүштөгү бардык күнөөлөрүмдү кечир. Өмүрүмдүн калган бөлүгүндө мени күнөөдөн сакта. Өзүң ыраазы боло турган таза, жакшы амалдарды насип кыл.
Оо, Алла! Мени көз ачып жумганча да өз напсиме таштап койбо. Мага берген жакшы нерселериңди тартып ала көрбө.
Оо, Раббибиз! Кыямат күнү эсеп-кысап болгондо мени, ата-энемди жана бардык момундарды кечире көр.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта. Бизди жакшы пенделер менен бирге бейишке киргиз, оо Улуу, оо Кечиримдүү, оо ааламдардын Раббиси!
***** ***** *****
Зыяратчы тавафын өтөп бүткөн соң зам-зам суусун ичет жана эки рекет таваф намазын окуйт. Таваф намазынын өкүмү – ваажиб. Биринчи рекетте Каафирун, экинчи рекетте Ихлас сүрөсүн окуу сүннөт иштерден. Аны Макаам-ы Ибрахимдин тушунда окуган жакшыраак. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо, Харам мечитинин кайсы бир жеринен окууга болот. Эгер таваф намазы макүрөө учурларга (күн чыга баштаганда, так төбөгө келгенде жана кызарып бата баштаганда) окуса, макүрөө болуп калат. Мындай учурда кечиктирип окуу абзел. Ошондой эле таваф намазын оң ийинди жаап окуу керек. Эгер ачык окулса, макүрөө иш болот.
Зыяратчы таваф намазынан соң Сафа-Марва ортосунда жүрүүгө (саъй) жөнөйт (ажылык же умра тавафы болсо). Сафа-Марва ортосунда жүрүү – түпкү ваажибдерден. Аны аткаруу үчүн да ниет, шавттарында дубалар кылынат. Саъй Сафа дөңсөөсүнөн башталып, Сафа-Марва арасы 4 жолу, ал эми Марва-Сафа арасы 3 жолу, жалпы 7 жолу жүрүү менен аяктайт. Эркектер белгилүү чектерде чуркаса, аялдар жөн гана жүрүш кылат. Умра амалын аткарып жаткандар саъйдан соң чачтарын алуу/ кыркуу менен ихрамдан чыгат.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси