«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Муфтият | 09.06.2026
  • |

ЗЕКЕТ КИМГЕ БЕРИЛБЕЙТ?

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Зекет ээлерине (же акылуу болгондорго) берилет. Эгер акылуу болбогондорго зекет берилсе, ары диний милдет ада кылынбаган (аткарылбаган) болот, ары зекет күткөн адамдар зарыгып, социалдык жана экономикалык алгылыктуу иштер орундалбаган болот. Мына ушул жагдай себептүү, укук (фикх) китептеринде кимдерге зекет берилбей тургандыгы жөнүндө атайын маселелер бар. Зекеттин берилиши жайиз (туура) болбогон топтор төмөнкүлөр болуп эсептелет:       

1.    Ата-эне, өмүрлүк жубай жана балдар
Бир киши ансыз да камсыздоого, кароого (багууга) милдеттүү болгон ата-энесине, чоң ата-чоң энесине, бала-бакырасына жана небере-чөбөрөлөрүнө (же усул-фуруу) зекет бере албайт! Так ушул сыяктуу эле, бир эркек аялына, аялы да томаяк болгон эрине зекет бере албайт. Себеби, зекет берген киши зекетинен эч кандай акы күтпөйт жана андан пайдалана албайт. Эгер берсе эмне болмок эле деп ойлонуп көрөлү. Анда (чоңойтуп өстүргөн ак эмгек, ак сүт сыяктуу төлөнгүс) карыздарынан кутулууга аракеттенген сыяктуу болуп калат же (кийин) алардан калчу мурас сыяктуу кызыкчылыктардан пайдаланышы мүмкүн. 

Ушул жана башка мүмкүн эместиктер себептүү, берилген мал-мүлк бакырдын ээлигине өткөн болуп эсептелбейт. 
Ата-эне, чоң ата-чоң эне, бала-бакыра жана небере-чөбөрөлөрдөн (же усул-фуруу) сырткаркы туугандарга; бир тууган, аба, таэже, тайке, эже (атанын эже-карындаштары) жана алардын бала-чакасы ж.б. тууган-туушкандарга (эгер бакыр болсо!) зекет берилет. Ал тургай жакындар эң биринчилерден болуп зекет алуучуларга кирет. Тууганга зекет берүүнүн артыкчылык-фазилеттерин өткөн темаларыбызда да кеңири айтканбыз.      

2.    Мусулман эместер (кайырдиндер)
Негизи эле зекет мусулмандын ибадат милдети болгону үчүн мусулман болбогондорго (гайри муслимдерге), ыйман негиздерине ишенбегендерге жана динден кайткандарга (муртаддарга) зекет берилбейт. Себеби, зекет муктаж болгон мусулмандын акысы болуп саналат. Тагыраагы, мусулмандардын байларынан алынып, жакырларына берилет. А мусулман болбогондор зекет менен милдеттендирилген эмес (ансыз да кабыл албайт деңизчи). Демек, топтолгон зекеттен да пайдаланууга акылары жок!
Бирок, Азирети Умардын (р.а.) зекет берилчү жерлерди көрсөткөн аяттагы «мискийн» сөзүнүн маанисин «Булар ахли-китап (китеп берилгендер) бакырлары» деп жоромолдогонун (Ибн Аби Шайба. Мусаннаф, Закат, 75) негиз алган айрым факихтер зыммилерге (тагыраагы мусулмандардын аймагында жашаган жана мамлекет тарабынан жаны-малы кепилдикке алынган гайри муслимдерге) да берилерин айтышат. 

3.    Байлар
Байлар (ансыз да) зекет берүүгө милдеттүү. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын, «Байга зекет (алуу) адал эмес» (Абу Дауд, Зекат, 25), «Зекет – байлардан алынат, бакырларга берилет» (Бухари. Зекат, 1) сыяктуу хадиси-шарифтери да муну ачык туюнтат. Буга ылайык, негизги муктаждыктарынан жана карызынан башка, ээлик кылган дүнүйө-мүлкүнүн «көбөйүүчүлүк» өзгөчөлүгүндө болуп-болбогонуна карабай, нисап өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ инсандарга зекет берилбейт. 

4.    Азирети пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жакындары
Азирети пайгамбар өзүнүн үй-бүлөсүнө (жана уруусуна, урпагына) зекет алууга тыюу салганы үчүн Хашим уулдарына зекет берилбейт. Бир күнү Элчинин (с.а.в.) небереси Хасан зекет курмаларынан бирди алып, жейин деген учурда Алланын Расулу ага, «Ташта, ташта! Биздин зекет малын жебешибизди билбейсиңби?» (Бухари. Зекат, 57; Муслим. Зекат, 161) – деген. Мындан башка да Азирети пайгамбардын (с.а.в.) өзүнө жана жакындарына зекет берилбей турганын айгинелеген хадистер бар (Муслим. Закат, 168; Насаи. Закат, 95). 
Аныгында, Азирети пайгамбардын өзүнө жана жакындарына зекет алууга тыюу салганынын бир катар себептери жана хикматы бар экенин айтууга болот. Ал өзүн жана жакындарын ар түрдүү айыптардан жана терс ойлордон алыс кармашы мүмкүн деген ой да булардын бири боло алат.

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси