«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кемел (Камалидин) Шабдан уулу 1882-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Тар-Суу деген жерде төрөлгөн. Кемел өз учурунда билимдүү адамдардын бири болгон. Алгач мусулман мектебинде, кийин болжол менен 1909-1912-жылдары Жети-Суу аймагындагы жогорку билим берүүчү Верный (Алматы) шаарындагы гимназияда билим алуусун уланткан.
Кемел 1913-жылы Сарыбагыш болуштугунун (волость) болушу болуп шайланып, уруулаштарынын кызыкчылыктарын коргоо багытында үзүрлүү эмгектенген. 1916-жылкы падышачылык колониялдык саясатка каршы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү башталганда, бир тууган агасы Мөкүш хандыкка көтөрүлгөн. Кемел болуштугун таштап, агасы менен бирге жазалоочу аскерлерге каршы күрөшкө кошулгандыгына байланыштуу Кытайга качууга аргасыз болгон. Совет бийлиги орногондон кийин мекенине кайтып келген.
1918-жылдан тартып Түркстан АССРине Аскер Кеңешинин ишенимдүү өкүлү (уполномочени), Жети-Суу облусунун качкындар иштери жана аларды жайгаштыруу боюнча өзгөчө комиссиясынын өкүлү катары мекендештерин Кытайдан көчүрүп келүү жана аларга жардам берүү багытындагы иштерге катышкан. 1925-жылдары партиялык-тоталитардык бийлик күч алганда Шабдан баатырдын балдары да бай-манаптардын тукумдары катарында куугунтукка кабылган. 1926-1927-жылдары балдары Уралга сүргүнгө айдалган.
1937-жылы мекенине кайтып келгенден кийин диний кызматка өтүп, Балыкчы шаарынын имамдыгына дайындаган. 1943-жылы 18-октябрда Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын демилгеси менен Ташкентте Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын I-Курултайында Шабдан уулу Кемел Кыргызстан мусулмандарынын Казыятынын жетекчиси – түндүк тараптын казысы кызматын аткарган.
1946-1947-жылдары ажылык милдеттерин аткарып келген. Имам катары мусулмандарды исламдын ыйык жоболорун бекем сактоого үндөгөн. Анын мындай иштери динге аёосуз күрөш жүргүзгөн советтик-партиялык ишмерлерге жаккан эмес жана дайыма кысымга алынып келген. Кемел ажы 1948-жылы каза болгон.
Муфтиятpress