“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият | 11.07.2026
  • |

ЭКС-МУФТИЙ, МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-июль — экс-муфтий, КР Баатыры, маркум Чубак ажы Жалилов дүйнөдөн өткөн күн. Белгилүү диний аалым, диний ишмер, Кыргызстан мусулмандарынын төртүнчү Азирети Муфтийи, маркум Чубак ажы Жалилов тууралуу маалыматтарды топтодук.

«Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» белгилүү диний ишмер, Орто Азияга таанымал диний аалым, мурдагы муфтий, маркум Чубак ажы Тажибай уулу 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жарык дүйнөгө келген. Диний билимин «Азирети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам университетинен алган. Кийин диний билимин тереңдетүү максатында, Сауд Арабиядагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетине тапшырып, университеттин араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча жогорулаткан. Ал жаш кезинен билимдин артынан сая түшүп, орто мектепти алтын медаль менен аяктаса, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүткөргөн. Ал ошондой эле китеп окууга жан дили менен берилип, тонналаган китептерди жыйнаган. Чубак ажы Жалилов убактысынын көп бөлүгүн китеп окууга арнаган.

Маркум аалымдын эмгек жолуна көз жүгүртсөк:
•    1995-1998 — Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
•    2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
•    2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн жетекчиси, «Азирети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам университетинин ардактуу окутуучусу;
•    2010-2012 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи;
•    Кийин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин ардактуу мүчөсү;
•    2020-жылдын 11-июлунда оорудан улам кайтыш болгон.

Ал үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы болгон. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн.

Чубак ажы Жалилов ар кандай чукул суроолорго чукугандай жооп бергени менен эл эсинде калган. Ал заман тамырын кармап, телерадио жана YouTube платформасын ийгиликтүү колдонуп, теледаават аркылуу ар бир үйгө чейин кирип барган гениалдуу инсан болгон. 

Чубак ажы Жалилов көк жалдыгы менен белгилүү болгон. Ар кандай учурларда шарият өкүмдөрүн коргоп, коомду элдүүлүккө жана мыйзамдуулукка чакырып турган.

Маркум аалым Азирети Муфтийлик кызматты тапшырган соң Кыргызстанды түрө кыдырып, жандуу сабактарды өткөн. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугушууда күтүүсүз берилген суроолорго жеринде жооп берүү менен, билимдүүлүгүн далай ирет далилдеген. 

Чубак ажы Жалилов берешендиги, ак көңүлдүгү, жөнөкөйлүгү менен да белгилүү болгон. Ал өз дарегине негиздүү сын айтылса, илимдин жана адептин чыпкасынан өткөрүп, туура пикир болсо, кабыл алган. Ал ар убак расмий дин кызматкерлеринин таламын талашып, имамдардын укугун коргоп турган. Ошондой эле диний маселелерде муфтиятка баш ийүүгө үндөп келген. Өзү да 2 жыл муфтийлик кызматта туруп, муфтиятты өнүктүрүүгө салым кошкон. Алсак, ажылык иштерин реформалоо сыяктуу реформаларга барган.

Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарын салттуу ислам дүйнө таанымына, тагыраагы ханафилик мазхабы, матуридилик акыйдасы алдында топтоого жан үрөгөн. Бүгүнкү күндө анын шакирттери устазынын жолун жолдоп келе жатканы көз кубантат. Ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча тынымсыз эмгектенген. Ошондой эле этностор аралык мамилени жакшыртууда жана эл ынтымагын ширетүүдө опол тоодой салым кошкон. Дал ушул жана башка эмгектери эске алынып, КР Президенти Садыр Жапаровдун сунушу менен үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамы (көзү өткөн соң) ыйгарылган. 


Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, публицист