«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 10.01.2024
  • |

КЫРГЫЗСТАН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН АЛГАЧКЫ КАЗЫСЫ АЛЫМХАН ТӨРӨ ШАКИРХАН УУЛУ

Алымхан төрө 1882-жылы Токмок шаарына жакын жерде төрөлгөн. Анын иниси Алихан төрө Сагуний (1885-1976-ж.ж.) санжыра боюнча Бурхануддин Кылычтын жыйырма үчүнчү урпагы болгону айтылат. Мухаммад пайгамбардын (Алланын салават саламда ры болсун) 17-урпагы болгон деп айтылат. Атасы Шакирхан төрө Анжияндан келип, Токмок (Баласагын) шаарына отурукташып калган. Алымхан төрө алгачкы билимди атасынан алган. Шакирхан төрөнүн соода менен алектенген агаларынын бири ыйык Мекке шаарында отурукташып калган. Шакирхан төрө жети жаштагы Алымхан төрөнү медресеге окутуу максатында Мекке шаарына алып барып, бир тууганы Азамхужага калтырат. Алымхан төрө Меккеде беш жыл, “Мир Араб” медресесинде тогуз жыл окугандан кийин, Токмокко кайтып келип, атасы курган мечитте имамдык кызматты аркалаган. 

1915-жылы “Мифтахун Нахв” аттуу китеп жазган. 1943-жылы Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын 18-октябрындагы курултайында он бир адамдан турган Дин башкармалыгынын президиумуна мүчө болуп шайланып, Кыргызстандын дин башкармалыгынын казысы болуп дайындалат. Ал казы болуп иштеген мезгилде Кыргызстандын шаарларын, айыл-кыштактарын кыдырып, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылчылыгы тууралуу калк арасында үгүт иштерин жүргүзгөн. 

Натыйжада, Кыргызстан мусулмандарынан ири суммадагы акча, кийим-кече, жылуу байпак, тамак-аш чогултулуп, аскерлерге жөнөтүлгөн. Алымхан төрө Орто Азия Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын президиумунун жыйындарына жигердүү катышкан.

Алымхан төрөнүн Юсуфхан жана Юнусхан деген уулдары болгон. Юсуф хан төрө Бухарадагы медресени, Египеттеги эл аралык белгилүү “Аль-Азхар” университетин артыкчылык менен бүтүргөн. Кийин Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтийдин биринчи орун басары кызматтарында иштеген. Мындан тышкары Өзбекстан Республикасындагы универсеттердин бирин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, илимий ишин жактап, докторлук даражасын жана профессордук наамын алган. Алымхан Төрө 1966-жылга чейин казы болуп иштеп, Бишкекте каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
 

Муфтиятpress