«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Мухаммадсолих казы Парпиев 1919-жылы, Анжиян облусунун Асака районуна караштуу Нияз баатыр айылында туулган. Ал 1929-1936-жылдарда айылдагы мектепте окуган. 1950-жылга чейин Социализм колхозунда чабан болуп иштеген. Атасы Молдо Парпи Рахимов өз убагында диний Медреселерде билим алгандыктан, балдарынын дин таануусун каалаган.
1950-жылы Мухаммадсоолих Бухарадагы Мир Араб медресесине окууга кабыл алынган. 1956-жылы Баракхан медресеси ачылганда Мухаммадсоолих ошол жакка которулган. Ал Исмаил максым Сатиев, Мухаммадамин Абдурахманов, Фазилкожа Содиккожоев, Сирожиддин Зиёвуддинов, Сулайман Хамидхужаев сыяктуу улуу устаздардан таалим алган. Мир Араб медресесин 1959-жылы бүтүргөн.
1959-1963-жылдарда Ош облусунун Кызыл-Кыя, 1963-1973-жылдарда Ош шаарынын Алай мечитинде жана Лейлек райондук мечитинде, 1974-1981-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казысы, 1982-1983-жылдары Өзбекстандын Шахрихан шаарындагы Мухаммад Розинбай борбордук мечитине имам-хатиб, 1983-1989-жылдарда Балыкчы районуна караштуу Чинабад айылындагы Мухаммадризо мечитинде имамчылык кызматтарда эмгектенген.
1990-жылы өзү туулуп өскөн Асака районуна караштуу Нияз баатыр айылында чоң борбордук мечиттин курулушуна баш-көз болгон. Ошол мечит азыр да Мухаммадсолих ажынын атын алып жүргөндүгүн белгилеп кетүүгө болот. Үч жолу ажылык ибадатын аткарган. Мисир, Сирия, Сомали, Япония, Филиппин, Цейлон, Сингапур сыяктуу чет мамлекеттерде кызмат сапарында болгон. Көптөгөн атактуу диний жана мамлекеттик кызматкерлер, дүйнөгө таанымал Махмуд Халил Хусари жана Абдулбаасит Абдусомад каарылар менен учурашкан.
Мухаммадсоолих Парпиев 2006-жылы 18-июль күнү дүйнөдөн кайткан.