«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Холиканазар уулу Шафоат ажы 1890-жылы Анжиян облусунун Асеке шаарында төрөлгөн. Он жашында Куранды жаттаган. Атасы да Куранды көтөргөн инсан болгон. Ошондуктан, анын үй-бүлөсү Орусия империясы тарабынан куугунтуктоого туш болушуп, Ош шаарына көчүп келишкен. Бул жерде да кысым башталганда ата-бала (Шафоат ажы 11 жашта эле) Мекке шаарына ажылык сапарына кетишкен. Ал жерге баргандан кийин атасы ооруп калат да, уулун чакырып: “Мен адам болбойт окшоймун, мени жерге бергенден кийин дароо кетип калбай, жыйырма жашка чейин бул жерде окууңду улагын”- деп керээзин айткан. Кийин Шафоат ажы Ошко келип жашоосун уланткан. Репрессия башталганда куугунтукка кабылып, Кашкар, Алма-Ата, Ат-Башы, Токмок шаарларында изин жашырып жүргөн.
Шафоат ажы Куранды жаттаган, араб тилин мыкты билген. Уламалар арасында кадыр-баркы бийик болгондуктан, 1943-жылы Москвага мусулмандардын Дин башкармалыгын ачуу туурасында барган аалымдардын бири болгон. Москвада өткөн мусулмандардын Бүткүл Союздук 1-Курултайына да өкүл болуп катышкан. 1943-жылы 18-октябрда Ташкентте өткөрүлгөн мусулмандардын I-Курултайында текшерүү комиссиясына шайланган.
Ош шаарындагы “Шейит-Дөбө” мечитинде баш имам-хатиб болуп иштеп, 1943-жылы Кыргызстандын түштүк бөлүгүнүн казысы болуп шайланып, көп жылдар бою иштеген. Согуш мезгилинде элден каражат топтоп, фронттун эсебине өткөргөн. Фергана өрөөнү боюнча бир канча мечиттердин ачылышына баш-көз болгон. Көптөгөн шакирттерди чыгарган устаз да болгон.
1973-жылы дүйнөдөн кайткан. Шейх Зиёуддинхон Эшон ибн Бабахан атайын Ташкенттен келип анын жаназасын окуган. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, урматтуу Шафоат ажы атанын небереси Холикназаров Нуриддин бабасынын жолун жолдоп, учурда Өзбекстан мусулмандарынын муфтийи болуп, кызматын ийгиликтүү аткарып келүүдө.
Муфтиятpress