“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков борбордук мечитте райондогу жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Аталган жарыш хатибият тарабынан уюштурулуп, ага 27 бала катышты. Жарышта алдыңкы орунга ээ болгондорго үй тиричилик буюмдары тапшырылды. Андан сырткары, ар бир катышуучуга акчалай сыйлыктар берилди.
"Жаштарыбыз убактысын Куран окууну үйрөнүү менен өткөрүп жаткандыгы баарыбызды кубандырат. Аларга дагы да дем күч болсун деген максатта Куран жарышын уюштурдук. Келечекте кимиси кайсы кесиптин ээси болсо да, жүрөгүндө Куран болсун деген ниеттебиз", – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.