«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов хатибият жана райондогу жалпы имамдар тарабынан С.Юсупов айыл өкмөтүндөгү муниципалдык жерге 100 түп арча отургузулгандыгын билдирди.
«Ош облусу боюнча ар бир кызматкери тарабынан көчөт отургузуу акциясы башталып, ага биздин райондогу жалпы имамдар кайдыгер болбостон, хатибият баш болуп 100 түп арча отургуздук. Албетте көчөт отургузуу сооп жагынан да, пайда жагынан да жакшы жөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат», – деди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.
Айта кетсек, жашылдандыруу иш-чарасы үчүн 550 миң сом керектелди.