Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбековичти зыярат кылды.
Жолугушуу учурунда облус казысы менен өкүл эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, келечекте биргеликте иш алып баруу жолдоруна токтолушту.
Өз кезегинде Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов казылык кызматка жаңы дайындалган Бакыт ажыны куттуктап, облустагы диний багыттагы иштерде тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, облус казысы ыйгарым өкүлгө ийгиликтерди каалап, жакшы тилектерин айтып, дубасын берди.