«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Баткен шаарындагы «Нумани» борбордук мечитинде уюштурула турган республикалык Куран жарышынын облустук тандоо туру болуп өттү. Иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышып, жаш карыларга ийгиликтерди каалап, батасын берди. Жарышка Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынан жана Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан тандалган катышуучулар катышты.
Куранды жаттоо боюнча өткөрүлгөн мелдеште 5, 15 жана 30 пара боюнча жалпысынан 30га жакын улан-кыз ат салышты.
Облустук турдан жеңип чыккан жеңүүчүлөргө ушул жылдын 27-28-29-октябрында Бишкекте өтүүчү республикалык Куран жарышына жолдомо берилди.
Жолдомо алган жеңүүчүлөр:
5 пара боюнча – Гапаралиев Анас;
15 пара боюнча – Самиев Сиражидин;
30 пара боюнча – Ташполотов Билал.