«Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес» (Муслим, Зекет, 124).
Баткен шаарындагы «Нумани» борбордук мечитинде уюштурула турган республикалык Куран жарышынын облустук тандоо туру болуп өттү. Иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышып, жаш карыларга ийгиликтерди каалап, батасын берди. Жарышка Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынан жана Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан тандалган катышуучулар катышты.
Куранды жаттоо боюнча өткөрүлгөн мелдеште 5, 15 жана 30 пара боюнча жалпысынан 30га жакын улан-кыз ат салышты.
Облустук турдан жеңип чыккан жеңүүчүлөргө ушул жылдын 27-28-29-октябрында Бишкекте өтүүчү республикалык Куран жарышына жолдомо берилди.
Жолдомо алган жеңүүчүлөр:
5 пара боюнча – Гапаралиев Анас;
15 пара боюнча – Самиев Сиражидин;
30 пара боюнча – Ташполотов Билал.