Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 04.03.2025
  • |

Бөкөнбай айылында мектеп окуучуларына түшүндүрүү сабагы өтүлдү

Бүгүн, 4-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбай айылында Алтымышбай атындагы орто мектебинде жогорку класстын окуучулары үчүн жыйын өттү.

Жыйынды Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов өткөрүп, анда рэкетчилик, зордук-зомбулук, салттуу ислам, жакшы кулк-мүнөз жана башка маанилүү темалар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Окуучулар сабакка кызыгуу менен катышып, сабактын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, жаштар өз пикирлерин билдиришти. Бул иш-чара жаштарды туура жолго багыттоо жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында уюштурулду.