«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Бүгүн, 4-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбай айылында Алтымышбай атындагы орто мектебинде жогорку класстын окуучулары үчүн жыйын өттү.
Жыйынды Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов өткөрүп, анда рэкетчилик, зордук-зомбулук, салттуу ислам, жакшы кулк-мүнөз жана башка маанилүү темалар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Окуучулар сабакка кызыгуу менен катышып, сабактын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, жаштар өз пикирлерин билдиришти. Бул иш-чара жаштарды туура жолго багыттоо жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында уюштурулду.