«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин ишембилик өтөрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Чүй облусунда ири масштабдагы ишембиликтер уюштурулуп жатат. Казыят тарабынан уюштурулган ишембиликке облус аймагындагы дин кызматкерлери, диний окуу жайлар жамааты, медресе студенттери жана ыктыярчы мечит жамааттары активдүү катышууда.
Массалык ишембилик иш-чарасына облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баштаган казыят жамааты да активдүү катышып, Мекендин тазалыгына салым кошушту.