"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 06.04.2026
  • |

Чүйдө дин кызматкерлери үчүн 3 күндүк семинар башталды

Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун имамдары үчүн 3 күндүк семинар өз ишин баштады.

Семинардын негизги максаты — салттуу ислам түшүнүгүн жана Матуриди акыйдасын тереңдеп окутуу, имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Сабактарды тажрыйбалуу устаздар Абдыкалык Эшматов жана Кенжетай Курманкожаев өтүп жатышат. Өкүлчүлүк тарабынан уюштурулуп жаткан бул иш-чара дин кызматкерлеринин илимий жана руханий жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошмокчу.

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен жер-жердерде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган окуу семинарлары өткөрүлүп жатат.