«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Кара-Кулжа жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүндөгү мечиттерди кыдырып, текшерип чыкты. Ал диний объектилердин тазалыгын карап жаткан имамдарга ыраазычылык билдирип өттү.
Ошондой эле, мечиттердин дааратканасы жана кошумча курулуш иштери жүрүп жаткандарын, жаңы салынып жаткандар боюнча аткарылган боюнча жеринен таанышты.
"Мечиттерде ибадат кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө аракеттенип жаткан имамдарга ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө дааратканаларын оңдоп, кошумча курулуш иштери жана имаратын жаңылап жаткандардын аткарган иштерин жеринен тааныштым. Кызмат кылгандардан жана демөөрчү болгондордон Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.