Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Аймактар | 11.04.2025
  • |

Кара-Кулжада дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, бир катар маселелер каралды.

— Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— КМДБнын 5 фатвасын элге жеткирүү, ысырапкорчулукка жол бербөө;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу.

Аталган иш-чарага Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Талантбек Кармышаков, РИИБ жетекчиси Мелис Идирисов, УКМКнын райондук бөлүмүнүн башчысы Асилбек Мусаев жана Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев баштаган райондогу жалпы имамдар катышты.