«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондук хатибияттын Рамазан айында кайрымдуулук өткөрүү демилгесин жергиликтүү жаштар колдоого алып, 50 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды.
Аталган жардам баштыкчасында ун, май, макарон, күрүч жана башка керектелүүчү азыктар камтылып, бир жардам баштыкчасынын баасы 3000 сомду түздү. Кайрымдуулук баштыкчалары үчүн жалпы 150 миң сом акчалай каражат сарпталды.
«Рамазан айында ар бир үйдө ооз ачуу үчүн тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр болуусу үчүн Жараткандан тилеп дуба кылабыз. Ошону менен бирге колдон келишинче жардам баштыкчаларын да таратып жатабыз. Өлкөбүздөгү ар бир үй-бүлөгө береке жана адал ырыскы каалайбыз. Аллахым Рамазан айындагы дуба-тилектерибизди кабыл кылып, берешен элибизден ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.