“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Аймактар | 20.02.2026
  • |

Кара-Кулжада Рамазан айына карата жаштар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Дастан ажы Мамаев райондогу "Нургазы" мечитинде жаштар ортосунда Куран жарышы өткөрүлгөнүн билдирди.

Куран мелдештин алдыңкы орундарына велосипед берилсе, калгандарына кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Аталган жарыш кызуу өтүп, төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды. 

Жеңүүчүлөр:

1-орун – Жумаев Кудайберди;
2-орун – Маматкалыколов Дөөлөт;
3-орун – Маматысаев Умар.

"Рамазан айына карата Куран мелдешин өткөргөн мечит имамы Субанбек Казматовго жана имамдын демилгесин колдогон жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Рамазан айында Куран окуп, ибадат, жакшылык иштерди жасоо керек", – деди Дастан ажы Мамаев.