«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Талас районуна караштуу Кара-Ой айылынын тургундары дин кызматкерлерине урмат-сый көрсөтүү максатында көп жылдардан бери айыл элине кызмат кылып келе жаткан имамдарга белек ыроолошту.
Өзгөчө айылдын жаш муундарынын демилгеси менен«Аль-Ханнан аль-Маннан» мечитинин имамы Шумкарбек Биримкуловго үзүрлүү эмгеги үчүн Honda Ist үлгүсүндөгү унаа белекке берилсе, «Май кадам» мечитинин имамы Узакбай Үмөталиевге ыйык жерлерге зыярат кылуусу үчүн умра сапарына сертификат тапшырышты.
Бул иш-чара эл менен дин кызматкерлеринин ортосундагы бекем ишенимдин символу катары бааланып, мындай колдоолор сөзсүз түрдө имамдардын дин жаатындагы иштерине дем берип, коомго дагы да пайдалуу кызмат кылууга шыктандырат деп билдиришти казыяттан.