«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Каракол шаарында балдар үчүн “Ильфат” окуу борбору ишин баштады. Бул окуу жай Каракол шаарындагы “Мухтарулло” мечитинин имамынын демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ачылды.
Окуу борборунун негизги максаты – балдарды туура нукта тарбиялоо, адеп-ахлакка үйрөтүү жана билим берүү. Мектептен тышкары убакта балдар бул жерде билим алып, өздөрүнүн жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлдү.
Ачылыш аземине Ысык-Көл облусунун казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков катышып, окуу борборуна ийгилик каалап батасын берди. Ошондой эле Каракол шаарынын баш имам-хатиби Рустам ажы Ыбыкеев да катышып, демилгечилерге жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчалары тапшырылып, алардын жакшылык ишине элдин атынан терең ыраазычылык айтылды.
Катышкандар бул борбордун ачылышын кубаттап, келечекте жаш муундар үчүн пайдалуу болорун белгилешти.