«Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес» (Муслим, Зекет, 124).
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Филалий” борбордук мечитинде Куран жарышы болуп өттү. Бул сынактын максаты — жаштардын Куран окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана облус атынан республикалык деңгээлдеги мелдешке катышуучуларды тандоо болду.
Жарыштын жыйынтыгында 27-29-октябрда Бишкек шаарындагы борбордук “Имам Сарахсий” мечитинде өтө турган республикалык Куран жарышына катышуу укугун төмөнкүлөр жеңип алышты:
Лолаев Мехробшо – 30 пара;
Саламатов Нурмухаммед – 15 пара;
Тагдырбек кызы Мырзайым – 15 пара;
Умарова Ухристон – 5 пара;
Назаров Бахавиддин – 5 пара.
Калыстар тобу:
Кененбаев Сардарбек кары;
Изатов Сулайман кары;
Селви Хусейн кары.
Иш-чаранын соңунда Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев жеңүүчүлөргө ийгилик каалап, алардын Куран жана ыйман жолундагы аракеттери коом үчүн чоң үлгү экенин белгиледи.