«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Аймактар | 25.02.2026
  • |

Манас: Рамазан айындагы фитир-садаканы чогултуу тартиби боюнча жыйын болуп өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин алдындагы Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов жана КМДБнын кассир-бухгалтери Султанбек ажы Момунов бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов жана облус аймагындагы район-шаар баш имам-хатибдердин милдетин аткаруучулары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт ажы Нурдинов ыйык Рамазан айында берилүүчү фитир-садаканы чогултуу тартиби жана ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берип, заман талабына ылайык QR-код аркылуу кабыл алууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Анын айтымында, санариптик төлөм ыкмасы ачык-айкындуулукту камсыздап, каражаттын так жана ыкчам чогулушуна шарт түзөт. Ошондой эле салттуу ыкма — мечиттердеги атайын садака кутучалары аркылуу чогултуу иштерин да жогорку жоопкерчилик менен жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Өз кезегинде Султанбек ажы Момунов мечиттердеги садака кутучаларына мөөр басуу, ачуу жана тиешелүү акт түзүү жол-жоболору боюнча кеңири түшүндүрмө берип, каржылык тартипти сактоо ар бир жооптуу кызматкердин негизги милдети экенин баса белгиледи. Мындан сырткары, ал финансылык отчёттуулукту так жана өз убагында жүргүзүү маселелерине токтолду.

Жыйындын алкагында QR-код системасын ишке киргизүү, «Финик» тиркемеси аркылуу төлөм кабыл алуу, мечиттердин инвентаризациясын жүргүзүү жана фитир-садаканы өз мөөнөтүндө тапшыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Аталган иш-чаранын негизги максаты — Рамазан айында берилүүчү фитир-садаканы чогултууда тартипти күчөтүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу ишти натыйжалуу уюштуруу болуп саналат.