«Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты, алар менен бейпилдик табышыңар үчүн» (Рум сүрөсү, 21-аят)
Аймактар | 24.02.2026
  • |

Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Каракол шаардык хатибиятын зыярат кылды

Азирети Муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев Каракол шаарынын хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, шаар имамдары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Каракол шаарынын баш имам-хатиби Рустам ажы Ыбыкеев шаардагы мечиттердин абалы, имамдардын ишмердүүлүгү жана документ иштеринин жүрүшү боюнча кеңири маалымат берди.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

-Шаар имамдарынын арасында жума хутбаларын жакшыртуу;

-Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Имамдардын бирдиктүү формасын жолго коюу;

-Имамдардын намаз убагында мечитте болушу жана кайрылган жарандардын маселелерин кароо.

Жыйындын соңунда имамдар өз суроолорун берип, Ысык-Көл облусундагы диний өкүлдөн жооп алышты. Ал алдыда дагы бир катар иштерди жандандырып, биргеликте алдыга жылдыруу зарылдыгын белгиледи.