«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Нарын облустук казыяты орозо айынын урматына шаардын бардык аймактарынан келген жашоочулар үчүн ири масштабдагы ооз ачуу кечесин уюштурду. Иш-чара Нарын шаарынын “Ордо” этно-комплексинде өткөрүлүп, 360 орозо кармаган жаран бир дасторкондон ырыскы бөлүштү.
Кечеге Нарын районунун жана Нарын шаарынын баш имам-хатиби Рустам Чыров, ошондой эле РТС чөлкөмүнүн имамы Санжар Азимов катышып, жыйналган элге насаат айтышты. Алар касиеттүү Рамазан айынын берекеси, сабырдуулуктун жана боорукерликтин мааниси жөнүндө баян кылышты.
Орозо кармаган жарандар ооз ачуу кечеси үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, эл-журт үчүн дуба кылышты.