“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Аймактар | 20.02.2026
  • |

Ноокат: Рамазан айына карата Куран, фикх жана сиро боюнча жарыш өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Халмат кары» мечитинде Рамазан айына карата Куран, фикх жана сиро боюнча мелдеш өткөрүлүп, алдыңкы орунга умра сапарына жолдомо тапшырылгандыгын билдирди.

«Рамазан айына карата өткөрүлгөн жарыш аркылуу көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулады. Өзгөчө фикх багытында «Мухтасар» китебинен өтүшү жергиликтүү элдин ибадатын жакшыртуу үчүн маанилүү экендиги талашсыз. Ал эми Куран мелдеши Рамазан айынын негизи болуп саналат», – деди Бекназар ажы Жапаров.

Белектер:

1-орун: Абдулвосиев Абдулбори – умра сапарына жолдомо;
2-орун: Худайназаров Холмашраб – тай;
3-орун: Алимжанов Абдулборий – кочкор;
4-орун: Мамадюсипов Хуршитбек – кой;
5-орун Турсунхолов Бехруз – эчки.

Калган орундарга да кызыктыруучу белектер тапшырылды.