«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Аймактар | 20.11.2025
  • |

Ноокат: "Үч-Бай" мечитинин имамына автоунаа белек кылышты

Бүгүн, 20-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Үч бай айылындагы "Үч-Бай" мечитинин имамы Бакытбек Абдыбековго айыл жаштары "Tivoli" үлгүсүндөгү унааны белек кылышты. Бул тууралуу райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров маалымдады.

"Үч-Бай мечитинде 20 жыл эмгектенген Бакытбек Абдыбеков дамлабыздын эмгегин эл баалап, айыл жаштары уюшуп "Tivoli" үлгүсүндөгү унааны белек кылышты. Аллахым демөөрчү жаштарыбыздан ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.