«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Бел айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылында жайгашкан "Жаннатул Фирдаус" мечитинин имамы Асилбек Акимбай уулунун демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, орун басары Имамидин ажы Мамасадыков, Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби катышты.
Мелдеш жаш өспүрүмдөрдүн деңгээлине жараша 1 пара, жарым пара, 20 сүрө жана 10 сүрө категориялары боюнча өткөрүлдү. Натыйжада жеңүүчүлөр аныкталып 1-2-3-орун алгандарга тай, кой, эчки берилсе, калган катышуучуларга да кызыктыруучу белектер тапшырылды.
1-орун – Ахматалиев Нурислам
2-орун – Кулмурзаев Исак
3-орун – Мурзаев Нурмухаммед
Бекназар ажы Жапаров жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, жаштык кездеги убакытты, күч-кубатты туура пайдаланып, түз жолдо жүрүү чоң жетишкендик экендигин билдирди.
Айта кетсек, аталган мечит имамы Асилбек Акимбай уулунун демилгесин жергиликтүү тургун Тойчубек Кулуев колдоого алып, демөөрчүлүк кылды.