"Оо, Алла Таалам! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр!"
Аймактар | 17.03.2026
  • |

Ноокатта жергиликтүү тургундар Имамназар кары Атаназаровго автоунаа белек кылышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы "Абу Ханифа" мечитинин имам-хатиби Имамназар кары Атаназаровго жергиликтүү тургундар автоунаа белек кылышты.

Аталган иш-чара таравих намазынан кийин өткөрүлүп, ага Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров, Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Султанали ажы Гапуров "Абу Ханифа" мечитинин имам-хатиби Имамназар кары Атаназаровдун көп жылдык эмгегин баалаган жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирди.

"Имамназар кары Атаназаров көп жыл имамдык кызматын аркалап, жаштардын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлагын жакшыртууда, үй-бүлө баалуулуктарын сактоодо, ислам дининин негиздерин түшүндүрүүдө, талыкпай эмгектенип, Куранды толук жаттаган көптөгөн шакирттерди чыгарды. Имамназар карынын балдар жана кыздар медреселеринин студенттери республикалык Куран жарыштарында алдыңкы орундарды ээлеп келе жаткандыгы чоң жетишкендик. Медресеге колдоо көрсөтүп жаткан жана Имамназар карыга автоунаа белек кылууну уюштурган жергиликтүү элден Аллахым ыраазы болсун. Ар бириңиздердин Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылган жакшылыгыңыздар жоопсуз калбастыгы анык, сиздерге Курандын жакшылыгы, берекеси насип кылсын. Дин кызматкерлеринин көп жылдык эмгегин баалап, эл тарабынан болуп жаткан колдоолор жетекчи катары бизди да кубандырат", – деди Султанали ажы Гапуров.