«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров берекелүү Рамазан айында РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмү менен биргеликте жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын таратышты.
«Жол эрежелерин сактоо боюнча жума баяндарында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, колдон келишинче жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө көмөктөшүп келебиз. Бүгүн эми берекелүү Рамазан айында жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын таратууда РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери өз жардамдарын көрсөтүшүүдө. Бул иш-чарабыз жолоочулардын маанайын көтөрүп, баары жылуу тилектерин билдиришти», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Аталган ооз ачар баштыкчаларында суу, курма, мөмө-жемиш жана шириндиктер камтылганын хатибияттан билдиришти.
Айта кетсек, хатибияттын алдындагы «Кайрымдуу муун» фонду тарабынан өткөрүлгөн бул саамалыкта жалпы 50 жолоочуга ифтар баштыкчалары тапшырылды.