«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө азык түлүк таратылып берилди. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун айтымында, кезектеги берилген бул жардам райондук хатибият тарабынан демилгеленип, жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен ишке ашкан. Иш-чара алкагында ар бир үй-бүлөгө орточо 2500 сомдук азык-түлүк алынып берилген.
Рамазан айынын акыркы күндөрүндө кайрымдуулук кылган жергиликтүү ишкерлерге райондун баш имам-хатиби өзүнүн ыраазычылык сөзүн айтып, ак батасын берди.