“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Аймактар | 20.02.2026
  • |

Ош шаарынын борбордук мечитинин имамына Toyota Camry унаасы белек кылынды

Бүгүн, 20-февраль күнү Ош шаарындагы «Имам ал Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте аталган мечиттин имам-хатиби Хадисбек ажы Нурматовго достору жана шакирттери Toyota Camry автоунаасын белек кылышты.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев катышып, диний кызматкерлердин коомдогу ордуна токтолду. Ошондой эле дин багытындагы мээнет бул дүйнөдө, эгер болбосо акыретте эселеп кайтарын белгилеп өттү. Муну менен катар демилге көтөрүп, колдоо көрсөткөн имамдын досторуна жана шакирттерине ыраазычылык айтып, батасын берди.