«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругунун негизинде Талас облусун аймагындагы мечиттерде, диний окуу жайларда жалпы ишембиликтер өткөрүлүп жатат. Анын алкагында Талас облусунун казыятынын кызматкерлери дагы тазалык иш-чарасына активдүү катышып, облус казысы Сулумбек ажы Үзеналиев баштаган казыят кызматкерлери мекеменин айлана-чөйрөсүн иретке келтирүү жана тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик учурунда таштандылар чогултулуп, дарактардын түптөрү жумшартылып, айланага көрк берүү иштери аткарылды. Бул иш-чара коомчулукту тазалыкка жана тартипке чакыруу, ошондой эле экологиялык маданиятты жайылтуу максатында уюштурулду.
Казыяттан билдиришинче, ишембиликтер мындан ары да үзгүлтүксүз уланат.