Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Аймактар | 04.04.2025
  • |

Тоң районунун Туура-Суу-2 айылындагы мечитте тазалык жана оңдоо иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу-2 айылындагы мечитте жергиликтүү жамааттын колдоосу менен даараткананын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү эл өз ара жардамдашып, мечиттеги шарттарды жакшыртуу иштерине активдүү катышууда.

Ошону менен катар, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилигинин буйругу жана Ысык-Көл облустук казыятынын тапшырмасынын негизинде мечит айланасында тазалык иштери да жүрүп, жамаат арасында ынтымак жана ибадат жайларына болгон камкордук дагы бир жолу байкалды.