«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Токмок шаарындагы «Шакирхон Торо» мечитинде муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга күнүмдүк зарыл болгон азык-түлүк түрлөрү таратылып, алардын жашоо-шартын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүлдү.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы мечиттин имамы жана ыктыярдуу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, жардам алган үй-бүлөлөргө чоң сүйүнүч тартууланды. Иш-чараны уюштуруучулар мындай колдоо иштерин мындан ары да уланарын белгилешти.