«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айылында Тоң районунун баш имам-хатиби жана имамдарынын түшүндүрүү иштеринин негизинде, маркум Улан Букаевдин жакындары ага сообун багыштап кайрымдуулук иштерин жасашты.
Алар Иманова жана Аралбаев Камымбек ата көчөлөрүнө кум төгүп, жолду жакшыртып, айыл тургундары үчүн шарттарды түзүп беришти. Бул иш-чара айыл эли тарабынан чоң ыраазычылык менен кабыл алынып, маркумдун жакындарынын сооптуу аракети жогору бааланды.
Жергиликтүү имамдар жана айыл аксакалдары мындай кайрымдуулук иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, элди ысырапкорчулуктан алыс болуп, коомго пайдалуу жакшылыктарды көбүрөөк жасоого чакырышты.