“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылынын жаштары өз демилгеси менен мечитке кошумча бөлмө, даараткана жана сопукананы нөлдөн баштап куруп башташты.
Бул кайрымдуу иш айыл жаштарынын ынтымагын жана демилгечилерин көрсөтүп, коомго үлгү боло турган саамалык болуп калды. Хатибияттан билдиришинче, жаштар өз каражаттары менен мечитке зарыл болгон шарттарды түзүүгө аракет кылышууда.
«Бардык жаштардан Аллах ыраазы болсун! Бул сооптуу ишке катышкандарга ийгилик жана береке насип кылсын!», – деп билдирди Ысык-Көл казыятынын маалымат адиси Бекмырза Сали уулу.