"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 10-мартта Ысык-Көл облусунун казыятынын демилгеси жана көп жылдан бери жардам көрсөтүп келген «Инсандык жардам фондунун» колдоосу менен Рамазан айына карата кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында 110 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары берилди.
Катышуучулар ыраазычылыктарын билдирип, уюштуруучуларга дуба кылышты. Кайрымдуулук – коомдун ынтымагын бекемдеген сооптуу иштердин бири экенин белгилеген Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев да жакшы сөздөрүн айтып, иш-чарага демөөрчүлүк кылгандарга өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.