Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 26.08.2025
  • |

Жалал-Абадда тазалык кызматкерлерине сый тамак уюштурулду

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты шаардык хатибият менен биргеликте тазалык ишканасынын, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын, ошондой эле жол куруу ишканасынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү максатында сый тамак уюштурду.

Иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жана жогоруда аталган мекемелердин кызматкерлери катышты.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков өз сөзүндө шаардагы тазалыкты, көрктүүлүктү жана жолдорду оңдоо иштерин камсыздап жаткан кызматкерлердин эмгегин жогору баалап, алардын талыкпас аракети менен Жалал-Абад шаары күндөн-күнгө жашарып, жаңыланып, өнүгүп жатканын белгиледи.

“Ислам дини тазалыкка өзгөчө маани берет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): "Тазалык — ыймандын жарымы" деп айткан. Демек, күнү-түнү дебей эмгектенип жаткан сиздердин аракетиңиздер — бекем ыймандын белгиси. Алла Таала ар бириңиздердин эмгегиңиздерди кабыл кылып, үй-бүлөңүздөргө бейпилдик жана береке берсин,” – деп облус казысы кызматкерлерге ак батасын берди.

Ошондой эле ал шаарды таза жана көрктүү кармоо иши бир гана тиешелүү мекемелердин эмес, бардык шаар тургундарынын да милдети экенин баса белгилеп:

“Тазалык жана көрктөндүрүү ишине ар бирибиз салым кошууга тийишпиз,” – деп жалпы элди активдүү болууга чакырды.

Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев бул иш-чара облус казысынын тапшырмасына ылайык, шаардын тазалыгы үчүн үзгүлтүксүз эмгектенип жаткан кызматкерлердин аракетин баалоо жана аларды колдоо максатында уюштурулганын билдирди.

“Шаардык хатибият жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик мекемелер менен тыгыз кызматташууда. Бул сый тамак — Эгемендүүлүк майрамына утурлай, шаарыбыз үчүн ак ниети менен кызмат өтөп жаткан жарандарга болгон ыраазычылыктын белгиси. Мындай иш-чаралар башка мекемелердин кызматкерлери үчүн да улантылат”, – деди Мелисбек ажы.

Иш-чара шаардын таза, кооз жана коопсуз болушу үчүн талыкпай кызмат өтөп жаткан мекеме өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирүү жана ак баталар менен жыйынтыкталды.