«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жалпы 410 үй-бүлөгө, анын ичинде Кызыл-Суу айылында 40 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө кайрымдуулук жардамдары берилди.
Демөөрчүлөр өздөрүнүн ысымдарын атоону каалабай, жардамды жашыруун берүүнү суранышты. Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу баш болуп, жардамды муктаж үй-бүлөлөргө жеткирип, элдин атынан ыраазычылыгын билдирип, батасын берди.