«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Билим берүү | 05.03.2025
  • |

«Абу Ханифа» медресесинде «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Абу Ханифа» медресесинин студенттерине «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу слайд аркылуу «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам боюнча кеңири маалымат берип өттү.

УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын өкүлү Эрлан Мырзаев өлкөнүн өнүгүүсүнө, диний экстремизм боюнча түшүндүрмө берип, акыйданы бекем кармоого, Мекенди сүйүү жана анын тынчтыгы үчүн салым кошкон жигиттерден болууга чакырып, диний билимди туура так үйрөнүп, башкаларды да эскертүү керектигин айтты.

Ал эми Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков мыйзамга көрсөтүлгөн эрежелерди сактоого чакырып, акыйда боюнча туура эмес пикирлерден алыс болуу, никабдын шарияттагы өкүмү боюнча түшүндүрүп өттү.

Айта кетсек, Ош облусунун бардык райондорунда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.