«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кайрылуу | 02.09.2026
  • |

Ажылык – 2027: Зыяратчыларды ташуучу авиакомпания тандалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2027-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (УРШ) жыйыны өттү. Жыйында ажылык сапарды уюштуруу багытында авиакомпания тандоо маселеси каралып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими кабыл алынды.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 2-сентябрында өткөн кезектеги жыйында комиссия мүчөлөрү 2027-жылдагы ажылык сапары алкагында Сауд Араб Падышалыгына зыяратчыларды жеткирүү жана алып келүү боюнча авиакомпанияны тандоо чечимин кабыл алышты. 
Конкурстун жыйынтыгында, «Air Arabia» авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилди.