“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 09.10.2025
  • |

Ажылык – 2026: Зыяратчыларды ташуучу авиакомпания тандалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) жыйыны өттү. Жыйында ажылык сапарды уюштуруу багытында авиакомпания тандоо маселеси каралып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими кабыл алынды.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 8-октябрында өткөн кезектеги жыйында комиссия мүчөлөрү 2026-жылдагы ажылык сапары алкагында Сауд Араб Падышалыгына зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо чечимин кабыл алышты. Конкурстун жыйынтыгында, «Flyadeal» авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилди.