«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 12.10.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Чикаго шаарында мекендештер менен жолугушту.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров АКШнын Чикаго шаарында жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандан келген белгилүү коомдук, диний жана илимий ишмерлер катышты.

• Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы — Талантбек Ташыбеков.

• Кыргызстандын мусулмандарынын Азирети Муфтийи — Абдулазиз Закиров;

• Ислам университетинин ректору — Абдишүкүр ажы Нарматов;

• Аалымдар кеңешинин төрагасы — Замир Ракиев;

Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештер менен баарлашып, дин жана адеп-ахлак маселелери, улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш муундарды ыймандуулукка тарбиялоо жана чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын биримдигин бекемдөө тууралуу пикир алышты.

Азирети Муфтий мекендештерди ынтымакты бекемдөөгө, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө жана эне тилди, улуттук нарк-насилди сактоого чакырды.