Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 10-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы "Имам Сарахсий" мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жума баянын жасады.
Жума намаздан соң Өзгөн шаарынын тургундары ГАЙЭ фондунун (Гюмюшханели Араштырма Йардымлашма ве Эгитим Вакфы) жетекчиси проф., док. Жеват Акшитке тулпар тартуу кылышты. Түркиялык диний аалым Жеват Акшит жердешибиз Имам Сарахсийдин 30 томдук китебин түрк тилине которгону менен белгилүү. Эмгекти которууга 14 жыл убакыт кеткен.
Маалымат иретинде айта кетсек, Азирети Муфтий жумага чейин Имам Сарахсий" көп функционалдуу билим берүү борборун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышкан.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында төмөнкү иш-чараларга катышуусу пландалган:
10-октябрь:
- "Имам Сарахсий" көп функционалдуу билим берүү борборун курулушуна мезгил кутусун салуу аземи;
- Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, "Имам Сарахсий" мечитинде жума баяндамасын жасоо;
- Өзгөн районундагы "Айчүрөк" кинотеатрында өтүүчү эл аралык Сарахсий симпозиумун ачуу.
11-октябрь:
- Ош облусунун райондук имам-хатибдерине жыйын;
- Ош шаарынын жалпы имамдарына жыйын;
- ОшМУнун башкы корпусунда өтүүчү эл аралык Сарахсий симпозиумун ачуу.