«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 04.09.2026
  • |

Азрети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын Египеттеги элчиси менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Египет Араб Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талгат Аширбеков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы диний, илимий жана маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, ислам илимин жана диний билим берүүнү өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү диний жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар диний билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, илимий тажрыйба алмашууга, эки өлкөнүн аалымдарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана учурдун актуалдуу диний маселелери боюнча биргелешкен илимий-билим берүү иш-чараларын уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан сырткары, Египет Араб Республикасында жашап жана билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде диний билим алуу максатында келген кыргызстандык студенттердин абалы, алардын билим алуусуна жана күнүмдүк жашоосуна байланышкан маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана   диний-билим берүү багытындагы байланыштарды системалуу түрдө чыңдоого керектигин билдиришти.