«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 17-октябрь күнү борбор калаада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, жер-жерлердеги диний иштерди уюштуруунун сапатын жогорулатуу жана КМДБнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара кызматташууну күчөтүү максатындагы кезектеги семинары старт алды. Аталган семинар Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде 2 күн бою КМДБда өтүп, ага аймактардан келген райондук жана шаардык баш имам-хатибдер катышууда.
Саамалыктын жүрүшүндө баш имам-хатибдердин аймактардагы диний иштерди уюштуруудагы орду жана жоопкерчилиги, мечиттердин ишмердүүлүгүн системалуу жүргүзүү, имамдар менен тыгыз иш алып баруу, калк менен натыйжалуу байланыш түзүү жана КМДБ тарабынан берилген тапшырмаларды жеринде сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгү белгиленүүдө.
Семинардын алкагында КМДБнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн иш багыттары боюнча баяндамаларды жасап, тиешелүү иш тартиби, талаптар жана райондук, шаардык баш имам-хатибдер менен кызматташуунун механизмдери тууралуу кеңири маалымат берип жатышат. Ар бир баяндамадан кийин суроо-жооп форматындагы талкуулар уюштурулуп, аймактарда кездешкен маселелер, иш жүргүзүүдө жаралган кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору ортого салынууда. Муну менен катар, катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жер-жерлердеги диний кызматты жакшыртууга багытталган сунуш-пикирлерин айтышууда.
Семинардын негизги максаты – борбордук түзүм менен аймактардын ортосундагы кызматтык байланышты бекемдөө, баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүндө бирдиктүү тартипти калыптандыруу жана диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат иретинде айта кетсек, аталган семинардын 1-этабы үстүбүздөгү жылдын 20-21-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде өтүп, жыйынтыктоо аземине Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров катышкан. КМДБ жетекчиси муфтият тарабынан аткарылып жаткан иштер, иш-пландар, изги тилектер жана жалпы диний абал боюнча сөз сүйлөп, 2024-жылы бекитилген 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеми боюнча токтолгон. Иш-мерчемдин дээрлик 70 пайызы ишке ашканын айтып, мында баш имам-хатибдердин салымын белгилеген. Ошол иш-мерчемде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу, семинарларды уюштуруу, тажрыйба алмашууга шарт түзүү сыяктуу пункттарды эске салып, семинар алыскы-жакынкы райондордо жана шаарларда жигердүү кызмат кылып жаткан башкы имам-хатибдердин ишмердүүлүгүн жогорулатууга багытталганын айткан. Андан сырткары кадрлар резерви, электрондоштуруу, имамдардын функционалдык милдеттери жана КМДБнын борбордук аппараты менен аймактык түзүмдөрүнүн байланышын бекемдөө жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири токтолгон.
Азирети Муфтий семинар соңунда хатибияттардын техникалык базасын күчтөндүрүү максатында ар бир баш имам-хатибге соңку муундагы жаңы компьютерлерди тапшырган.