"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 08.04.2026
  • |

Баткен жана Лейлектеги болочок ажыларга сабак өтүлдү

Баткен жана Лейлек райондорунда 2026-жылы ажылык сапарына баруучу жарандар үчүн атайын сабактар уюштурулду. 6-апрель күнү Баткен районунда, ал эми 7-апрелде Лейлек районунда болочок ажыларга кеңири түшүндүрүү сабактары жүргүзүлдү.

Сабактарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев өткөрүп, ыйык ажылык сапарынын фарз жана важиб амалдары тууралуу кенен маалымат берди.

Иш-чарага ажы башчылар да катышып, ажылык сапарына керектүү документтер боюнча түшүндүрмө беришти. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооптор айтылып, сапарга даярдык көрүү боюнча маанилүү кеңештер берилди.

Мындай сабактар болочок ажыларды руханий жана практикалык жактан даярдоого багытталат.

Быйылкы жылы ажылык сапарга Баткен облусунан 632 киши квота алышкан.