"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 23-апрель күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде өлкө боюнча ажылыкка аттанып жаткан зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларга жыйын өткөрүлдү. Жыйынды КМДБнын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев баштаган ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын кызматкерлери өтүп, ажылык сапарындагы талаптар, САП тарабынан киргизилген эрежелер жана тиешелүү мыйзамдар, Мекке-Мединадагы кызматтар, ажылык күндөрү жана ыйык жайлардагы тейлөө, курмандык маселеси, рейстер жана слоттор боюнча жалпы маалыматтарды айтып, нускамаларды беришти.
«Ажылык исламдын эң негизги парздардын бири. Аны аткарууда шарияттын эрежелери жана САПтын тиешелүү талаптары эске алынууга тийиш. Шарияттагы көрсөтмөлөрдү так аткаруу ажылыктын кабыл болуусуна жеткирсе, ал эми тиешелүү эреже-талаптар ыйык сапардын ыңгайлуу жана натыйжалуу өтүшүнө шарт түзөт. Андыктан ар бир эреже, ар бир талап зарылдыктан жана дүйнөнүн төрт бурчунан агылган жалпы ажылардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган», – деди Жоробай ажы Шергазиев.
Ал эми муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев зыяратчыларды коштоп баруунун жоопкерчилигин айтып, буларды билдирди: «Заман өнүгүп, ажылык ибадатын орундатуу канчалык жеңилдесе да, ыйык сапардын өзүнө таандык машакаттары чыга берет. «Ажылык – бул машакат» деген сөз бекеринен айтылган эмес. Андыктан ар кандай жагдайларга даяр болуп, ажыларыңыздарды жакшы карап, баталарын алууга аракет кылыңыздар», – деди.
Бөлүм башчы өз сөзүндө зыяратчылар да ажы башчыларына баш ийиши шарияттык жактан зарыл экенин белгиледи.
Жыйын суроо-жооп менен жыйынтыкталды.